Шаимкулова Анара Улушбековна — өмүр баяны

© Фото / Эрлан РайымкуловЫрчы Анара Шайымкулова. Архив
Ырчы Анара Шайымкулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анара Шаимкулова 1978-жылы 28-январда Жалал -Абад облусуна караштуу Сузак районунун Карамарт айылында жарык дүйнөгө келген. 1985-жылы Абдыкадыр Жапарбаев атындагы мектептин босогосун аттап, 1995-жылы аяктаган.

Билими:

1995-2000 — Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

1997-2000 — "Гүлгүн жаш" элдик тобунда ырчы;

2000-2004 — Жалал-Абад облустук Токтосун Тыныбеков атындагы филармонияда ырчы;

2004-2005 — "Азадабегим", "Айтеңир" топторунда солист;

2012-жылдан бери Болот Эдигеев атындагы "Арашан" элдик фольклордук ансамблинин солисти.

Маданияттын мыкты кызматкери.

Үй-бүлөлүү, эки уул, бир кыздын энеси.

Жаңылыктар түрмөгү
0