01:27 05 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7102
  • EUR100.3901
  • RUB1.1638
Таржымал
Кыскача шилтеме алуу
311720

Алмамбет Салиев 1983-жылы 8-ноябрда Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында төрөлгөн.

Билими:

  • 2000 – 2005 — Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинен "Юриспруденция" адистиги боюнча окуп, артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Ош мамлекеттик университетинин Бизнес жана менеджмент факультетин сырттан окуп бүтүргөн

Эмгек жолу:

  • 2004 – 2008 — "Апель Фарм" ЖЧКда юрист;
  • 2008 – 2009 — Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери;
  • 2009 – 2010 — Ош мамлекеттик администрациясынын коргонуу жана укуктук тартип бөлүмүнүн башкы адиси;
  • 2010 – 2011 — Ош мамлекеттик администрациясынын коргонуу жана укуктук тартип бөлүмүнүн сектор башчысы;
  • 2011 – 2012 — Ош мамлекеттик администрациясынын коргонуу жана укуктук тартип бөлүмүнүн башчысы;
  • 2012 – 2016 — КР өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын укуктук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;
  • 2014 – 2016 — Ош юридикалык институтунда окутуучу;
  • 2016-жылдын апрель айынан май айына чейин КР премьер-министринин жардамчысы;
  • 2016-жылдын май айынан тарта КР өкмөтүнүн аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
  • 2017-жылдын декабрынан бери КР өкмөтүнүн Коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
  • 2021-жылдын 18-июнунда "мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча шектелип камакка алынган.

2-класстагы мамлекеттик кызматынын кеңешчиси.

Белгилер:
Алмамбет Салиев, таржымал, Өмүр баяны

ЭҢ МААНИЛҮҮ