Төралиева Гүлнур Тынчтыкбековна — өмүр баяны

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевНазначенная советником премьер-министра КР Гульнура Торалиева
Назначенная советником премьер-министра КР Гульнура Торалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гүлнур Төралиева 1984-жылы 8-июнда Бишкек шаарында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү:

  • 2006-жылы Кыргыз-орус славян университетинин эл аралык мамилелер факультетин аяктаган;
  • 2010-жылы Лондондун (Улуу Британия) Сити университетин бүткөн;
  • 2013-жылы Россиянын Илимдер академиясында филология илиминин кандидаты болгон.

Эмгек жолун 2003-жылы Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институтунда серепчи катары баштаган.

  • 2006-2008-жылдары Коомдук саясат институту программаларынын жетекчиси жана эл аралык донорлор каржылаган ЖМКны, сөз эркиндигин, мамлекеттик башкарууну өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор менен иш алып барган Бишкек маалымат клубунун башчысы;
  • Мамлекеттик кызматкерлерге, журналист, студент, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө 300дөн ашык билим берүү семинарларын өткөргөн.
  • 2008-2009-жылы — BBC Бүткүл дүйнөлүк программасынын аймактык жетекчиси;
  • 2010-2012-жылы — Борбор Азиядагы Америка университетинин журналистика жана коммуникация факультетинин жетекчиси;
  • 2012-2016 — Борбор Азиядагы Америка университетинин "Журналистика жана коммуникация" багыты боюнча ага окутуучу;
  • 2013-2014-жылдары — стратегиялык коммуникация тармагында мамлекеттик кызматкерлердин деңгээлин жогорулатуу менен алектенип, аны менен катар биринчи вице-премьер Жоомарт Оторбаевдин коомчулук жана коммуникация тармагында консультанты болуп иштеген.
  • 2014-2015-жылдары — өкмөт аппаратында маалыматтык менен камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2015-жылы — ЖККУ Академиясында жетекчинин милдетин аткаруучу. Акыркы жылдары Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, ЮСАИД, ПРООН жана башка уюмдарында стратегиялык коммуникация боюнча эл аралык консультант.

500дөн ашуун илимий жана журналисттик макалалардын автору жана журналистика тармагында окуу китептеринин автору.

2017-жылдын август айында өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси болуп дайындалып, 16-ноябрдан тарта өкмөт башчынын кеңешчиси кызматын аркалай баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0