Масадыков Таалатбек Шамудинович — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын президенттигине талпакер Масадыков Таалатбекдун архивдик сүрөтү
Кыргызстандын президенттигине талпакер Масадыков Таалатбекдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таалатбек Масадыков 1961-жылы Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Беш-Күнгөй айылында төрөлгөн.

Билими:

  • 1978 — Фрунзедеги №13 орто мектепти аяктаган.
  • 1984 — Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер боюнча институтун бүтүргөн. Англис, пушту жана дари тилдерин билген эл аралык мамилелер боюнча адис деген дипломго ээ болгон. Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин аскердик милдетин өтөгөн;
  • 1984-1986 — Москва шаарында СССРдин Коргоо министрлигинин Аскердик Кызыл Туу институтунда мугалим катары аскердик кызмат өтөгөн;
  • 1987 — Афганистанга иш сапарына жөнөтүлгөн. Илимдер академиясынын советтик кеңешчилер тобунда, Афганистандын Уруулар жана чек ара иштери боюнча министрлигинде котормочу жана уруулар маселелери жаатында адис катары эмгектенген;
  • 1988-1991 — Москвага кайтып, аспирантураны аяктап, Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин алдындагы Азия жана Африка өлкөлөрү институтунун иран филологиясы кафедрасынын аспирантура бөлүмүндө окуусун уланткан жана кандидаттык диссертациясын жактаган;
  • 1992-1994 — Москва шаарында жеке ишкерлик менен алектенген.
  • 1995-1996 — Кыргызстандын чет элдик инвестициялар жана экономикалык жардам боюнча мамлекеттик комитетинин машкы директорунун орун басары;
  • 1997-1999 — Кыргызстандагы Америка университетинин Эл аралык мамилелер факультетинин кош деканы жана окутуучусу болгон.
  • 2000 — Экономика жана саясий илимдердин Лондон мектебинде докторантуранын күндүзгү бөлүмүнө окууга тапшырган (London School of Economics and Political Science LSE).
  • 2002 — Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) жумушка чакырылган. Афганистан, Иран, Пакистан мамлекеттеринде иштеген. БУУнун Афганистанга көмөк көрсөтүү боюнча Миссиясынын (МООНСА) саясий кеңешчиси болуп ишин баштаган.
  • 2006 — БУУнун Афганистанга көмөк көрсөтүү боюнча Миссиясында (МООНСА) башкы саясий кеңешчи;
  • 2009- 2014 — БУУнун Афганистандагы атайын саясий миссиясынын саясий директору;
  • 2014-жылы, ноябрь — Кыргызстанга кайтып келип, коомдук ишмердүүлүк менен алектенген;
  • 2021-жыл, июль — Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары. 

Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз кеткен кыргызстандыктарды издөө, ысымдарын аныктоо жана тактоо жаатында иш алып барган "БААТЫРЛАРДЫН УРПАКТАРЫ" коомдук кыймылын уюштурган.

Тышкы саясат, эл аралык жана аймактык коопсуздук багытында изилдөө-талдоо иштерин жүргүзүп келет. Дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндөгү илимий-практикалык конференцияларда эксперт катары катышат.

Афганистандын жана Борбордук Азиянын тарыхы, адабият таануусу жана саясий турмушу боюнча орус жана англис тилдеринде илимий макалалары жарык көргөн.

Кыргыз, орус, англис, пушту жана дари тилдерин билет.

Үй-бүлөлүү, эки уул, бир кыздын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0