Бакыт Жусупов. Өмүр баяны

© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстандын Австриядагы элчиси Бакыт Жусуповдун архивдик сүрөтү
Кыргызстандын Австриядагы элчиси Бакыт Жусуповдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бакыт Жусупов Чүй облусуна караштуу Москва районундагы Чоң-Арык айылында 1981-жылы туулган. Улуту кыргыз.

Билими жогору. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин "Эл аралык мамилелер" факультетин 2002-жылы аяктаган. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Кыргыз, орус, англис, түрк, япон тилдеринде сүйлөйт. 

Эмгек жолу: 

  • 2002-2005 — Кыргыз улуттук окуу жайынын мугалими;
  • 2005-2007 — Стратегиялык анализ жана прогноз институтунун илимий кызматкери;
  • 2007-2008 — "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасынын реферанты;
  • 2008-2010 — Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги, атташе, 3-катчы;
  • 08.2010-12.2012 — Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн адиси;
  • 2010-2011 — Өкмөттүн аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн адиси;
  • 2011-2012 — Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн адиси;
  • 2012-2014 — Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмү, аналитикалык сектордун жетекчиси; 
  • 2014 — Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары.
  • 2017 — Кыргызстандын Австриядагы элчиси, ЕККУ менен Вена шаарындагы эл аралык уюмдардын туруктуу өкүлү.
Жаңылыктар түрмөгү
0