Төлөнов Данияр Эрмекович. Өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Данияр Толонов. Архив
Депутат Данияр Толонов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Данияр Төлөнов 1972-жылы 25-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн. 1990-1996-жылдары Ош технологиялык университетин автомобиль жана автомобилдик чарба адистиги боюнча аяктаган. 2008-2010-жылдары КР президентинин алдындагы Башкаруу академиясынан менеджмент адистиги боюнча магистратураны аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2008-2010 —Миграция жана иш менен камсыз кылуу комитетинин Ош облусу боюнча төрагасы
  • 2010-2012 — Ош облустук эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграция башкармалыгынын жетекчиси
  • 2012-2013 — Тышкы иштер министрлигинин алдындагы тышкы миграция департаментинин түштүк аймактык башкармалыгынын жетекчиси
  • 2013-жылдан тарта Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин миграциялык саясат башкармалыгынын түштүк аймак боюнча бөлүмүнүн координатору
  • 2015-жылы 28-октябрдан баштап "Кыргызстан" саясый партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңешке депутат болуп келген

Мамлекеттик кызматтын экинчи даражадагы кеңешчиси.

Жаңылыктар түрмөгү
0