Кыргызстандын партиялары: "Бүтүн Кыргызстан Эмгек"

Жазылуу
"Бүтүн Кыргызстан Эмгек" либералдык-консервативдүү көз караштарды карманат.

Бул саясий бирикме "Бүтүн Кыргызстан" жана "Эмгек" партияларынын 2015-жылы май айындагы биригүүсүнөн пайда болгон. "Бүтүн Кыргызстан" 2006-жылы декабрда, ал эми "Эмгек" 2012-жылы апрелде түзүлгөн. Азыркы кезде партияга эки миңден ашуун кыргызстандык мүчө. 

Саясий бирикменин азыркы лидерлери мурдагы эки партиянын лидери Адахан Мадумаров жана Аскар Салымбеков.

Мадумаров — КРдин Жогорку Кеңешинин төрт чакырылышында депутат, 2007-2008-жылдары IV чакырыштагы парламенттин спикери болгон. Акыркы ээлеген кызматы — Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын орун басары.

Салымбеков — "Дордой" ассоциациясынын түптөөчүсү жана жетекчиси. Беш жылдан ашык убакыт Нарын обласунун губернатору, Жогорку Кеңештин депутаты болгон, ошондой эле Бишкектин мэринин милдетин аткарган.

"Бүтүн Кыргызстан Эмгек" өзүнүн расмий сайтында экономиканын башкы тармактарын алдыга жылдыруу, мамлекеттик башкаруунун бардык баскычтарында натыйжалуу башкарууну киргизүү, ийкемдүү салык саясатын жүргүзүүгө аракет кыларын жазган. Андан сырткары аймактык секторду өнүктүрүү жана ири шаарларда гана эмес, айыл жерлеринде, шаарчаларда жана райондук борборлордо да иш орундарын түзүү аракеттерин колдой турганын билдирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0