09:50 21 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосунун кыздары Белдемчи флешмобуна катышты.

Sputnik агенттигинин кыздары өзгөчө флешмобду колдоп чыгышты

© Sputnik / Нуржан Найзабекова
Пресс-релиздер
Кыскача шилтеме алуу
94 0 0

Агенттиктин кыздары уз Калия Карашева тиккен көйнөк менен белдемчилерди кийишти.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосунун кыздары "Белдемчи" флешмобуна катышты. Бул иш-чара кол өнөрчүлөрдүн "Оймо" фестивалынын алкагында уюштурулган.

Агенттиктин кыздары уз Калия Карашева тиккен көйнөк менен белдемчилерди кийишти. Карашева унутта калган тигүү ыкмасын жандандырганы үчүн 2016-жылы ЮНЕСКОнун кол өнөрчүлөрдүн дүйнөлүк кеңешинин "Сапат белгисин" алган.

  • Девушки в кыргызских национальных костюмах на международном фестивале традиционной культуры и ремесел Оймо в Бишкеке
    Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосунун кыздары "Белдемчи" флешмобуна катышты.
    © Sputnik / Нуржан Найзабекова
  • Корреспондент информационного агентства и радио Sputnik Кыргызстан Бегимай Бакашева в кыргызском национальном костюме на международном фестивале традиционной культуры и ремесел Оймо в Бишкеке
    Агенттиктин кыздары уз Калия Карашева тиккен көйнөк менен белдемчилерди кийишти.
    © Sputnik / Нуржан Найзабекова
  • Корреспондент информационного агентства и радио Sputnik Кыргызстан Асель Акматалиева в кыргызском национальном костюме на международном фестивале традиционной культуры и ремесел Оймо в Бишкеке
    Карашева унутта калган тигүү ыкмасын жандандырганы үчүн 2016-жылы ЮНЕСКОнун кол өнөрчүлөрдүн дүйнөлүк кеңешинин "Сапат белгисин" алган.
    © Sputnik / Нуржан Найзабекова
  • Сотрудница информационного агентства и радио Sputnik Кыргызстан Салтанат Бердигулова в кыргызском национальном костюме на международном фестивале традиционной культуры и ремесел Оймо в Бишкеке
    Кыргызстандын имиджин көтөрүү, туристтерди тартуу жана элдин маданий жана дипломатиялык байланышын чыңдоого багытталган фестиваль Бишкек шаарында 25-июлдан 28-июлга чейин өттү
    © Sputnik / Нуржан Найзабекова
  • Корреспондент информационного агентства и радио Sputnik Кыргызстан Светлана Федотова в кыргызском национальном костюме на международном фестивале традиционной культуры и ремесел Оймо в Бишкеке
    Бул фестиваль 30-июлдан тарта 4-августка чейин Чолпон-Ата шаарында уланат.
    © Sputnik / Нуржан Найзабекова
1 / 5
© Sputnik / Нуржан Найзабекова
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосунун кыздары "Белдемчи" флешмобуна катышты.

"Оймо" фестивалын жергиликтүү тургундар менен коноктор абдан жакшы көрөт. Жыл сайын бул фестивалды чыдамсыздык менен күтөбүз. Анткени ага Борбор Азиядагы, жакынкы жана алыскы мамлекеттердин кол өнөрчүлөрү өздөрүнүн кайталангыс эмгектерин алып келишет. Бул иш-чараны бешинчи жолу колдоп жатканыбызга абдан кубанычтамын", — деди Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси Елена Череменина.

Кыргызстандын имиджин көтөрүү, туристтерди тартуу жана элдин маданий жана дипломатиялык байланышын чыңдоого багытталган фестиваль Бишкек шаарында 25-июлдан 28-июлга чейин өттү. Бул фестиваль 30-июлдан тарта 4-августка чейин Чолпон-Ата шаарында уланат.

Sputnik эл аралык маалымат агенттиги — дүйнөдөгү ири ЖМКлардын бири. Агенттик 30дан ашык тилде маалымат таратат. Токиодон Монтевидеого чейинки аймактагы ал редакциялар жана маалымат борборлору жаңылыктарды күнү-түнү жазып турат.

Үч жыл ичинде Sputnik сайты постсоветтик мамлекеттердеги ЖМКлар арасында жаңыча ыкма менен иштеп алдыңкы орундарга чыкты.

Жакынкы чет мамлекеттердеги Sputnik порталы улуттук жана орус тилинде чыгып, окурмандарга түрдүү мультимедиалык маалыматтарды сунуштайт.

Инфографика, видео, сүрөт түрмөгү, онлайн-эфирлер, сурамжылоо жана подкасттарды таап окусаңыздар болот. Күнүмдүк жаңылыктардан тышкары, Sputnik агенттиги аналитикалык материалдарды жана эксклюзивдүү маектерди да окурмандарга сунуш кылат.

Тема боюнча

Бишкекте "Оймо" фестивалы өтүп жатат. Сүрөттөр
Белгилер:
Оймо фестивалы, кол өнөрчүлүк, флешмоб, Sputnik Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ