15:17 23 Бирдин айы 2017
Түз эфир
АКШдагы шайлоо маалындагы ЖМКнын көрсөтүүсү. Архив

Сурамжылоо: америкалык ЖМКлар президенттик шайлоону бир тараптуу чагылдырган

© Sputnik / Алексей Филиппов
Пресс-релиздер
Кыскача шилтеме алуу
АКШдагы президенттик шайлоо (21)
40 0 0

Сурамжылоо Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу үчүн TNS UK иликтөө компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Sputnik. Пикирлер сурамжылоосунун маалыматына ылайык, америкалыктардын басымдуу бөлүгү (80%) ЖМКлар АКШдагы президенттик шайлоо маалында талапкерлердин бирине карата бир тараптуу болду деген пикирде. 

Мында америкалыктардын теңинен көбү (59%) жергиликтүү жана улуттук ЖМКлар өз материалдарында объективдүү боло алган жок деп эсептешет. Сурамжылоо Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу үчүн TNS UK иликтөө компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн.

Ага ылайык, америкалыктардын 16 пайызы улуттук ЖМКлар президенттикке талапкерлердин бирине ыктаганын айтып, ал эми жергиликтүү маалымат каражаттары объективдүү болду деп эсептейт. 5%ы, тескерисинче, жергиликтүү маалымат каражаттары гана бир тараптуу болуп, улуттук ЖМКлар объективдүү чагылдырды деген пикирин билдирген. Басылмалар талапкерлер тууралуу маалыматты бирдей чагылдырды деген америкалыктардын саны 20 пайызды түздү. 

Сурамжылоо Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу үчүн TNS UK иликтөө компаниясы тарабынан 3-7-ноябрь күндөрү жүргүзүлгөн. "Сиздин пикириңизде президенттик кампанияны чагылдырууда ЖМКлар канчалык деңгээлде бир талапкерге ыктаган маалымат жарыялады?" деген суроого 18 жаштан 64 жашка чейинки 1012 адам жооп берген. 

Sputnik.Пикирлер долбоору тууралуу

Коомдук пикирди иликтөө боюнча эл аралык долбоор өз ишин 2015-жылдын январь айында баштаган. Долбоорго Populus, Ifop жана forsa компаниялары өнөктөш болуп келет. Анын алкагында Европа менен АКШ тургундарынын арасында актуалдуу делген социалдык жана саясий маселелер боюнча сурамжылоо жүргүзүлүп турат.

Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik өзүнө 30 тилден ашуун жазылган сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү англис, испан жана кытай тилдеринде жарык көрөт.

Тема:
АКШдагы президенттик шайлоо (21)

Тема боюнча

АКШнын ири шаарларында Трампка каршы митингдер өтүп жатат
Белгилер:
сурамжылоо, ЖМК, АКШ