Европалыктар өз өлкөсүндөгү билим берүү системасына канааттанбайт

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүБүтүрүүчү. Архив
Бүтүрүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай жыйынтык Sputnik маалымат агенттиги менен радиосунун тапшырыгы менен Ifop компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун натыйжасында белгилүү болду.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Sputnik.Пикирлер сурамжылоосуна ылайык, Италия, Франция жана Германиянын жашоочулары өз өлкөсүндөгү билим берүү системасына канааттанбай турганы белгилүү болду. Мында француздардын 28 пайызы, италиялыктардын 31 пайызы, немистердин 41 пайызы гана билим берүү системасына ыраазы экенин айтышкан. Ал эми бул суроого жооп бере албагандардын саны Францияда 9, Италия менен Германияда 5тен пайызды түздү.

Мындай жыйынтык Sputnik маалымат агенттиги менен радиосунун тапшырыгы менен Ifop компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун натыйжасында белгилүү болду.

Өз өлкөңүздөгү башталгыч жана орто билим берүү системасына канаатанасызбы?
Өз өлкөңүздөгү башталгыч жана орто билим берүү системасына канаатанасызбы? - Sputnik Кыргызстан
Өз өлкөңүздөгү башталгыч жана орто билим берүү системасына канаатанасызбы?

Италияда 18 жаштан 34 жашка чейин тургундардын арасында башталгыч жана орто билим берүү системасына канааттанбагандардын саны 62 пайызды, ал эми 35тен жогорку курактагылардын арасында 65 пайызды түздү. Эки курактагылардан тең "билбейм" деген жоопту сурамжылангандардын 5 пайызы айткан. 

Францияда 18-34 жаштагыларды 53 пайызы, андан улуулардын 66 пайызы билим берүү системасына нааразы экенин айтса, дагы 10 пайызы "билбейм" деп жооп берген.

Качкындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сурамжылоо: европалыктар мигранттардан улам иш ордун жоготуп алуудан чочулашат
Германияда сурамжылоого катышкан аялдардын 57 пайызы билим берүү системасы менен канааттанбай турганын айтса, 38 пайызы ыраазы экенин, ал эми 5 пайызы "билбейм" деп айткан. Эркектер арасындагы сурамжылоо 50 — 45 — 5 пайыздык катышты түзгөн. 35 жашка чейинки респонденттердин теңи билим берүү системасы ойдогудай десе, 47 пайызы нааразы, үч пайызы билбей турганын белгилешкен. 35 жаштан жогоркулардын 56 пайызы билим берүү деңгээли менен канааттанбай турганын айтса, 38и каршы, алты пайызы ортозаар калган. 

Сурамжылоо IFop компаниясы тарабынан 2016-жылдын 28-июнунан 4-июлуна чейин жүргүзүлгөн. Бардыгы болуп ага 18 жаштан жогорку 3006 респондент катышкан. Мында калктын жынысы, жаш курагы жага жайгашкан жери тең салмакта каралды. 

Коомдук пикирди изилдөө боюнча эл аралык долбоор 2015-жылдын январында башталган. Долбоордун өнөктөшү белгилүү Populus жана Ifop изилдөө компаниялары болду. "Sputnik. Пикирлер" долбоорунун алкагында Европа жана АКШ өлкөлөрүндө маанилүү социалдык жана саясий маселелер боюнча сурамжылоолор үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. 

Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт. Sputnik маалымат түрмөгүнө жазылгандар үчүн англис араб, испан жана кытай тилдеринде кабарлар күнү-түнү жаңыланып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0