03:37 21 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Качкындар. Архив

Сурамжылоо: европалыктар мигранттардан улам иш ордун жоготуп алуудан чочулашат

© Sputnik / Дмитрий Виноградов
Пресс-релиздер
Кыскача шилтеме алуу
4610

"Иммиграция мигранттардын пайдасына чечилип, ал эми жергиликтүү элдин жумуш ордун жоготууга алып келет деген пикирлер менен макулсузбу же жокпу" деген суроого 3042 респондент жооп берген. Сурамжылоо калктын жынысына, жашына карап жана жашаган аймагы боюнча жасалган.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Sputnik Пикирлер сурамжылоосунун маалыматы боюнча Франциянын жашоочуларынын 50 пайызы, Улуу Британиянын жашоочуларынын 47 пайызы жана Германиянын жашоочуларынын 47 пайызы алардын өлкөсүндөгү иммиграция жергиликтүү элдин жумуш ордун жоготууга алып келет деп эсептей турганы белгилүү болду.

Европалыктар  иммиграция жергиликтүү элдин жумуш ордун жоготууга алып келет деген пикирге макулбу?
Европалыктар иммиграция жергиликтүү элдин жумуш ордун жоготууга алып келет деген пикирге макулбу?

Мындай жыйынтык Sputnik маалымат агенттиги жана радиосунун тапшырыгы менен франциялык Ifop жана британиялык Populus компаниялары тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы менен алынган.

"Иммиграция мигранттардын пайдасына чечилип, ал эми жергиликтүү элдин жумуш ордун жоготууга алып келет деген пикирлер менен макулсузбу же жокпу" деген суроого Улуу Британиянын жашоочуларынын чейреги — 24 пайызы жооп бере алган эмес.

Бул жаатта Франция менен Германиянын жашоочуларынын жакшы кабардар экендигин байкоого болот. Алардын франциялыктардын 5 пайызы жана немистердин 6 пайызы гана "билбейм" деген.

Сурамжылоону Улуу Британияда 2016-жылдын 15–21-апрелинде Populus деп аталган иликтөө компаниясы, ал эми Франция менен Германияда 2016-жылдын 14–18-апрелинде IFop өткөргөн. Буга 3042 респондент катышкан, алардын 989у германиялык, 1008и франциялык жана 1045и Улуу Британиялыктар болгон. Сурамжылоо калктын жынысына, жашына карап жана жашаган аймагы боюнча жасалган. 

Бул жерде 95 пайыздагы ишенимдин калпыстыгынын ашык-кеми 3,1 пайызды түзөт.

Коомдук пикирди изилдөө боюнча эл аралык долбоор 2015-жылдын январында башталган. Долбоордун өнөктөшү белгилүү Populus жана Ifop изилдөө компаниялары болду. "Sputnik. Пикирлер" долбоорунун алкагында Европа жана АКШ өлкөлөрүндө маанилүү социалдык жана саясий маселелер боюнча сурамжылоолор үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. 

Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт. Sputnik маалымат түрмөгүнө жазылгандар үчүн англис араб, испан жана кытай тилдеринде кабарлар күнү-түнү жаңыланып турат.

Тема боюнча

Миграция уюму: Европага быйыл 210 миңден ашуун мигрант келген
Акыркы 20 жыл ичинде 60 миңден ашуун мигрант өлүп же белгисиз жоголгон

ЭҢ МААНИЛҮҮ