23:28 15 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8396
  • EUR77.0051
  • RUB1.0869
Морфин. Архив

Кыргызстанда тамчылатма морфинге уруксат берилди. Рак көйгөйү боюнча жыйын

© Фото / Валерий Титиевский
Пресс-борбор
Кыскача шилтеме алуу
71 0 0

Иш-чара 21-августта саат 11.00дө Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Кыргызстанда тамчылатма морфинди колдонууга уруксат берилди. Ракка байланыштуу көйгөйлөр" аттуу маалымат жыйынга чакырабыз.

Иш-чара 21-августта саат 11.00дө Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборунда өтөт. https://sputnik.kg/press_center/

Кыргызстанда онкологиялык илдетке чалдыккан балдарга тамчылатма морфин каражатын колдонууга уруксат берилди. Бул "Жардам берүү оңой" коомдук фондунун өкүлдөрүнүн аракети менен ишке ашты. Балдарды дарылоо учурунда тамчылатма морфинди колдонуу менен ооруну жооткотуу мүмкүн. Жыл соңуна чейин аталган препараттын биринчи бөлүгү Кыргызстанга алып келинет.

Маалымат жыйындын катышуучулары тез арада чечүү талабы коюлган балдар онкологиясы жаатындагы көйгөйлөрдү, маселени чечүү үчүн кандай иштер жасалганын жана фонддун башка долбоорлору тууралуу маалымат беришет.

  • Динара Умаржановна АЛЯЕВА — "Жардам берүү оңой" коомдук фондунун аткаруучу директору;
  • Эркин Ташымкулович РЫСКУЛБЕКОВ — фонддун байкоочу кеңешинин мүчөсү;
  • Үмүткан Жусуповна ЧОКМОРОВА — СПИД республикалык борборунун директору.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен, редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.

Белгилер:
онкология, бала, рак, дары

ЭҢ МААНИЛҮҮ