Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"Кыргызстандагы телеканалдар жабылып калышы мүмкүнбү?" аттуу тегерек стол

© Sputnik / Артём Коренюк / Медиабанкка өтүүТелевизор. Архив
Телевизор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 4-июнь күнү саат 11.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Кыргызстандагы телеканалдар жабылып калышы мүмкүнбү? ТВдагы кырдаал" аттуу тегерек столго чакырабыз.

"Теле жана радио уктуруулар" жөнүндөгү мыйзамга ылайык, телерадио уюмдар автордук укуктарды сактоого тийиш. Ошондой эле эфирдин 50 пайызы мамлекеттик тилде көрсөтүлүшүнө басым жасалган. Бирок алдыңкы телеканалдардын өкүлдөрү мыйзам сакталбай жатканын айтышууда. Алар билдиргендей, көпчүлүк каналдар пираттык контенттерди колдонуп жаткандыктан мыйзам чегинде иштегендер чоң чыгым тартып калууда. Мындан сырткары, мыйзамдагы талаптарды аткарууга каналдардын материалдык техникалык базаны өнүктүрүүгө багытталган каражаты жетишсиз болууда. Мындан улам көпчүлүгү жабылып калуу алдында турат.

Пираттык контентти колдонгон телеканалдарга болгон текшерүүнү кантип күчөтсө болот? Азыркы шартта ата мекендик телеканалдар жашап кете алабы? Эмне себептен профилдик ведомстволор мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөшпөйт? Ушул жана башка суроолорду тегерек столдун төмөнкү катышуучулары талкуулайт:

  • АЛЫКУЛОВА Назина Абдулазизовна — Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин реклама жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо башкармалыгынын жетекчиси;
  • КЕНЖЕМАТОВА Кыял Абдимиталовна — Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана коммуникация департаментинин укуктук камсыздоо, лицензиялык көзөмөл жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы;
  • САДЫКОВА Жыпара Жалиловна — Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын автордук укук секторунун жетекчиси;
  • КАН Вадим Олегович — 312 телеканалынын редактору;
  • ЛИЧАНЮ Равшан Абдумажитович — TV1KG телеканалынын продюсери;
  • БАЛЫБАЕВ Миржан Самудинович — НТС телеканалынын башкы директору;
  • ЛОЖНИКОВ Дмитрий Валерьевич – "Апрель" телеканалынын директору.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0