00:11 22 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6517
  • EUR78.3651
  • RUB1.1079
Кан текшерүү. Архивдик сүрөт

"Кыргызстанда ВИЧтен көз жумгандардын саны азайдыбы?" тегерек столу өтөт

© Sputnik / Павел Лисицын
Пресс-борбор
Кыскача шилтеме алуу
21 0 0

Урматтуу кесиптештер!

"Кыргызстанда ВИЧ инфекциясынан көз жумгандардын саны азайдыбы? Дартка чалдыккандардын абалы" аттуу маалымат жыйынына чакырабыз.

Иш-чара 17-май күнү саат 11.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Акыркы маалыматтар боюнча өлкөдө ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган 9000 учур катталып, СПИД илдетинен 1952 кыргызстандык каза болгон. Өлкөдө аталган оору менен болжолдуу түрдө 8,5 миң адам жабыркайт.

Маалымат жыйындын катышуучулары жакынкы беш жылдын ичинде аталган оорудан канча адам каза болушу мүмкүндүгү боюнча кеп кылышат. Андан сырткары, илдет жуктургандарды толук кандуу дарылоого, акысыз дары-дармектерге болгон жеткиликтүүлүк жөнүндө айтып беришет.

Катышуучулар:

  • БЕКБОЛОТОВ Айбек Абдылдаевич — республикалык "СПИД" борборунун директорунун орун басары;
  • СУЛТАНГАЗИЕВ Айбар Турдубекович — "Партнерская сеть" ассоциациясынын аткаруучу директору;
  • САРЫБАЕВА Мээрим Эдильбековна — ЮНЭЙДС (БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча бириккен программасы) өлкөлөр аралык кеңсесинин директору;
  • ШУКУРОВ Умид Фатхудинович —"Страновой совет пациентов" коомдук бирикмесинин өкүлү.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.

Тема боюнча

Бишкекте отургучтардан ВИЧ жуктурулган ийнелер табылуудабы? Милициянын жообу
Белгилер:
оору, СПИД, ВИЧ, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ