Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Кыргызстанда пайдасыз дары-дармек сатуу канткенде токтойт

Жазылуу
Иш-чара 22-ноябрь күнү Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

"Дарыкана бизнеси — Кыргызстанда пайдасыз дары-дармек сатууну канткенде токтото алабыз" аттуу тегерек столго чакырабыз.

Иш-чара 22-ноябрь күнү саат 11.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Адистер Саламаттык сактоо министрлигинен пайдасыз дарылардын "кара тизмесин" түзүп, алардын өлкө аймагына кирүүсүнө тыюу салууну талап кылып жатат.

Серепчилердин айтымында, медиктер жазып берген мындай дары-дармектерди ичкен оорулуулар арасында өмүрү менен кош айтышкандар дагы жок эмес.

Мындай кырдаалды токтотууга болобу? Ушул сыяктуу суроолорго тегерек столдо жооп издейбиз.

  • АДНАЕВА Нургүл Мажитовна — өкмөт аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси;
  • САБЫРБЕКОВА Таалайгүл Сабырбековна — "Эргене" комдук фондусунун төрайымы;
  • Дарыгерлердин катачылыгынан улам көз жумган баланын атасы;
  • ЖАКУБЕКОВА Айгүл Умарбековна — Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаментинин бөлүм башчысы;
  • СТРОКОВА Евгения Григорьевна — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • АБДЫЛБАЕВ Жолдошбек Бексултанович — Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун башкы адиси;
  • БАРЫКТАБАСОВА Бермет Касымбековна — Саламаттык сактоо министрлигинин далилдүү медицина бөлүмүнүн консультанты;
  • СЫРДЫБАЕВ Сүйүнбек Мадылбекович — Дары-дармектер боюнча мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуучу эксперттик топтун жетекчиси;
  • АСАНОВ Эрнис Бекович — Кыргызстандын Фармацевттер союзунун төрагасы.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринде редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0