Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Бишкекте биринчи жолу дүйнөлүк балет жылдыздары катышкан гала-концерт өтөт

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүБалет артисти. Архив
Балет артисти. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалымат жыйын 27-апрелде саат 15.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Бишкекте биринчи жолу дүйнөлүк балет жылдыздары катышкан гала-концерт өтөт" аттуу маалымат жыйынга чакырабыз.

Иш-чара 27-апрелде саат 15.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Дүйнөдөгү мыкты балет мектептеринин жылдыздары биринчи жолу Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын сахнасына чыгышат.

Катышуучулар — Большой, La Scala театрларынын, Швециянын падыша операсынын, Англиянын улуттук балетинин, Мариин театрынын, Улуу Британиянын падыша театрынын жана Вена мамлекеттик операсынын артисттери.

Билет сатуудан түшкөн каражат "Чолпон" балетин коюуга жумшалат. Бул спектакль менен дүйнөлүк турне өткөрүү пландалган.

Катышуучулар:

Лауретта САММЕРСКЕЙЛ — Бавария мамлекеттик балетинин алдыңкы балеринасы;

Йона АКОСТА — Кубанын улуттук балетинин солисти;

Холли Доргер ЛАРСЕН — Дания падышачылыгы балетинин прима-балеринасы;

СЫДЫКОВ Максат Кубанычбекович — балет артисти, ProArt фондунун негиздөөчүсү, гала-концерттин негизги уюштуруучусу.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).

Катталуу үчүн +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондоруна чалыңыз.

Sputnik Кыргызстан агенттигинде боло турчу маалымат жыйындары, чогулуштар тууралуу маалымат алып турам десеңиз a.valiev@sputniknews.com электрондук дарегине жазып коюңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0