Депутаттардын маянасын азайтуу жазылган эмес. Жапаровдун жарлыгынын тексти чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2021
Жазылуу
Жарлыкта парламенттин ишмердүүлүгүнө байланышкан чыгымдарды азайтуу боюнча Жогорку Кеңешке сунуш гана берилгени жазылган.
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттарынын маянасы (оклады) төмөндөтүлдү делген президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын тексти жарыяланды.
Белгилей кетсек, президенттин маалымат кызматы кечээ тараткан пресс-релизде мындан ары төрага 30 миң, орун басарлары 27 миң, фракция лидерлери менен тармактык комитеттин төрагалары 26 миң, депутаттар 25 миң сом алары (оклад) көрсөтүлгөн. Бирок эмгек акы канча пайызга кыскартылганы жазылган эмес. Муну салыштыра келгенде депутаттардын оклады 500 сомго азайганы аныкталган.
Президенттин маалымат кызматы бүгүн жарлыктын текстин жарыялады. Документ "Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" деп аталат. Анын ичинде министрлер кабинетинин, Эсеп палатасынын, Башкы прокуратуранын чыгымдарын кыскартуу каралган. Ал эми чыгымдарды азайтуу боюнча Жогорку Кеңешке сунуштама гана берилген.
2022-жылдын 1-февралына чейин төмөнкүлөр сунушталсын:
Вопрос о выражении недоверия Правительству в ЖК - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2021
500 сомго эле азайдыбы? Жапаровдун жарлыгына чейин депутаттар канча маяна алчу
Парламенттик ишке байланышкан, мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын камсыз кылууга чыгымдарды: кеңсе жана техникалык каражаттар менен камсыз кылууга; Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген, ченемдик укуктук актыларда каралган өлчөмдөрдө жана тартипте турак жай ижарасына ай сайын компенсация төлөөгө; мамлекеттик жүргүнчүлөр транспортунун бардык түрлөрүн акысыз пайдалануу укугуна; байланыш каражаттарын пайдаланууга чыгымдарды азайтуу боюнча зарыл болгон чараларды көрүү;
Жогорку Кеңештин аппаратынын түзүмүн оптималдаштыруу, кызматкерлеринин штаттык санын 30 пайызга кыскартуу, ошондой эле чыгымдарды азайтуу боюнча башка чараларды көрүү.
Жалпылап айтканда, президент аталган жарлыктын негизинде депутаттардын маянасын төмөндөтүүнү парламентке сунуштама катары гана берген.
Учурда төраганын милдетин аткарып жаткан вице-спикер Аида Касымалиева президенттин жарлыгы тууралуу кабардар эместигин билдирди. Аны менен таанышып чыккан соң комментарий берүүнү убадалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0