Сиз куруучусуз! Депутат Салайдин Айдаров билимине асылган Самат Ибраевди какты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Салайдин Айдаров. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Салайдин Айдаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2021
Жазылуу
Демилгечи депутат Ибраев тармактык комитеттин төрагасы Айдаровду "банк кызматкери эмессиз" деп маселени түшүнбөй жатканын кыйыткан.
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бүгүн парламенттин жалпы жыйынына депутат Самат Ибраев демилгелеген финтех тууралуу мыйзам долбоору киргизилди.
Белгилей кетсек, буга чейин ЖКнын Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети документти четке каккан.
Эл өкүлдөрү Аманкул Токтомамбетов жана Осмон Турдумамбетов комитеттин чечимин колдоп, жалпы жыйындан дагы талкуусуз эле четке кагууну сунуштады.
Андан соң демилгечи депутат Ибраев тармактык комитеттин төрагасы Салайдин Айдаровго кайрылып, эмненин негизинде жактырбай койгонун сурады.
Ал өкмөттүн жана Улуттук банктын терс корутундусу эске алынып, добуш берүү менен чечилгенин белгиледи.
"Жообуңузга канааттанган жокмун, бирок сизди эч качан күнөөлөбөйм. Сиз банк кызматкери эмессиз", — деди Ибраев.
Андан соң Айдаров: "Сиз дагы банк кызматкери эмессиз. Мен го экономистмин, сиз куруучусуз. Ошондуктан билимибизге асылбай эле коёлу", — деп жооп берди.
Депутат Самат Ибраев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2021
Депутат Ибраев Жеенчороевди сыртка чыгып эркекче сүйлөшүүгө чакырды. Видео
Мындан кийин Ибраев Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаевдин позициясын билүүгө кызыкты. Ал сунушталган демилге мыйзамга жана Улуттук банктын өнүгүшүнө дал келбестигин айтты.
Ошондой эле Бөкөнтаев депутат менен өткөн жумада сүйлөшүп, мыйзам долбоорун артка чакыртып алууну сунуштаганын эске салды. Анын айтымында, келечекте банк системасына ылайыктуу финтехтин моделин иштеп чыгуу керек.
Натыйжада депутаттар тармактык комитеттин чечимин колдоп, четке кагуу боюнча добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Жаңылыктар түрмөгү
0