14:22 27 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7891
  • EUR98.4232
  • RUB1.2191
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
77 0 0

Тараптар Душанбе шаарында боло турган Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына жана тышкы иштер министрлеринин, коргоо министрликтеринин жана Коопсуздук кеңешинин катчыларынын биргелешкен жыйынына даярдыктарды талкуулашты.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Бишкекке Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкы катчысы Станислав Зась келип, президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болду. Бул тууралуу ЖККУнун маалымат кызматынан билдирди.

Тараптар 15-16-сентябрда Душанбе шаарында боло турган Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына жана тышкы иштер министрлеринин, коргоо министрликтеринин жана Коопсуздук кеңешинин катчыларынын биргелешкен жыйынына даярдыктарды талкуулашты.

  • Генеральный секретарь Организации Договора о коллективной безопасности (ОДКБ) Станислав Зась во время встречи с президентом КР Садыром Жапаровым
    Бишкекке Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкы катчысы Станислав Зась келип, президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болду
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызстана Садыр Жапаров во время встречи с Генеральным секретарем Организации Договора о коллективной безопасности (ОДКБ) Станиславом Засем
    Тараптар 15-16-сентябрда Душанбе шаарында боло турган Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына жана тышкы иштер министрлеринин, Коргоо министрликтеринин жана Коопсуздук кеңешинин катчыларынын биргелешкен жыйынына даярдыктарды талкуулашты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Бишкекке Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкы катчысы Станислав Зась келип, президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болду

Жапаров Кыргызстан ЖККУ алкагында ага мүчө мамлекеттер менен кызматташтыкка чөлкөмдөгү коопсуздуктун гаранты катары өзгөчө маани берерин белгиледи.

Анын айтымында, тобокелдиктерди нейтралдаштырууга жана зарыл болгон учурда ыкчам реакция кылуу даярдыгынын жогорку деңгээлин кармап туруу зарыл.

Ушул эле иш-чаралардын алкагында Зась тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, коргоо министри Таалайбек Өмүралиев жана Коопсуздук кеңешинин башкы катчысы Марат Иманкулов менен жолугары белгилүү болду.

Тема боюнча

Президент Жапаров Эмомали Рахмон менен телефондон сүйлөштү
Еврокеңештин башчысы Жапаровду Брюсселде чыдамсыздык менен күтүп жатышканын айтты
Жапаров Өзбекстандын президенти Мирзиёев менен телефондон сүйлөштү
Белгилер:
ЖККУ, Станислав Зась, Садыр Жапаров, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ