Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү белгилүү болду

© Sputnik / Акылбек БатырбековЖогорку Кеңештин имараты. Архивдик сүрөт
Жогорку Кеңештин имараты. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2021
Жазылуу
2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Конституция боюнча Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңештин жаңы чакырылыштагы депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленет.

2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Конституция боюнча Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Эл өкүлдөрүн шайлоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

Жарлык бүгүнкү күндөн тартып күчүнө кирет.

Эске салсак, 27-августта парламент депутаттарын шайлоонун жаңы тартипте шайлай турган конституциялык мыйзам күчүнө кирген. Жаңы эрежеге ылайык, добуш берүүнү аралаш шайлоо системасы боюнча өткөрүү каралат. Жогорку Кеңеш саясий партиялардын тизмеси (54 мандат) жана бир мандаттуу округ боюнча (36 мандат) калыптанат.

Жаңылыктар түрмөгү
0