Бир кызматкерге эле 100 миң сомдой кенемте төлөө керек. Кыскартуунун жол-жобосу

© Sputnik / Александр АстафьевДокумент окуп жаткан атка минер. Архив
Документ окуп жаткан атка минер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Жазылуу
Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу боюнча президенттин жарлыгы толук аткарылса 7000ден ашуун кызматкер жумушсуз калышы мүмкүн. Ошол эле учурда мамлекет аларга алты айлык эмгек акысын компенсация катары төлөп берүүгө милдетүү болот.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Бүгүн президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик аппараттын санын 30 пайызга кыскартуу боюнча жарлыгы чыкты.
Ага ылайык, президенттин администрациясынын, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин, башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, президенттин карамагындагы мамлекеттик органдардын штаттык саны азаят.
Sputnik Кыргызстан кыскартуудан кийин канча кызматкер жумушсуз калары жана аларга төлөнүүчү компенсация тууралуу билип көрдү.
Жогорку Кеңештин жыйын залы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2021
10 күн жумушка келбеген ЖК депутатын мандатынан ажыратуу мыйзамы сунушталды
Мамлекеттик кадр кызматынын берген маалыматына ылайык, учурда өлкөдө 15 901 мамлекеттик жана 9 271 муниципалдык кызматкер эмгектенет. Демек, кыскартуудан кийин мамлекеттик органдарда — 11 131, жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлигинде 6 490 кызматкер калат. Ал эми болжол менен 7 251 адам кызмат ордунан кол жуушу ыктымал.
Мындай жагдайда кызматтан жөн гана кетирип тим болбойт, мамлекет компенсация төлөп берет. Бул норма "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамдын 40-беренесинде жазылган.
Мыйзамга ылайык, иштеген мекемеси жоюлуп же кыскартууга туш болсо, анын кесибин жана квалификациясын эске алуу менен өзүнүн категориясында башка иш сунушталат. Бош орун болбогон учурда ээлеген кызматынан төмөн турган жумуш берилет, бирок мурдагы ишиндеги айлык акысы сакталып калат. Башкача айтканда, жаңы кызматы төмөн болгонуна карабай мурунку жумушундагыдай маяна ала берет.
Эки сунуштан тең баш тарткан кызматкер өз каалоосу менен мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларда, мекемелерде жана жеке сектордо ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында кайра даярдоого жиберилиши мүмкүн.
Ишинен кыскартуу менен кеткен кызматкерге компенсация төлөөнүн жол-жобосу төмөнкүдөй:
Вице-премьер Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Эмделбесе айлык албайт! Жапаров мамлекеттик кызматкерлерге шарт коюуну сунуштады
Кызматкердин иштеген жылдарынын (бир органда) санына эмгек акынын орточо айлык өлчөмүнүн төрттөн бирин көбөйтүү жолу менен аныкталган, бирок орточо үч айлык эмгек акысынан кем эмес жөлөк пул төлөнөт;
Мындан сырткары, эгер ал Калкты иш менен камсыз кылуу кызматына жумуш издеген адам катары каттоого турса, ага дагы үч ай маяна берилет. Ошондо кыскартууга туш болгон бир кызматкерге алты айлык маянасы компенсация катары төлөнөт. Мисалы, орточо айлыгы 20 миң сом болсо, мамлекет ага 120 миң сом коротот.
Кыргызстанда орточо эмгек акы 18 миң сомдун тегерегинде белгиленген, аны алты айга көбөйтсө 108 миң сом болот. Өлкөдөгү орточо маяна менен эсептей турган болсок, кыскартылчу 7 251 кызматкердин жөлөк пулуна 391,5 миллион сом керектелет. Эгер жумуш таппай калса, үч айлык маянасына дагы ушунча сумма талап кылынат. Андай болсо кыскартуунун компенсациясына эле 783,1 миллион сом сарпталат.
Ал эми Эмгек кодексинин 87-беренесинде кыскартуудан улам жумуштан кеткендерге үч айлык маянасы жана бир айлыгын жөлөк пул катары берүү каралган. Бирок мунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге тиешеси жок. Ал норманы айдоочу, күзөтчү, катчы, пол жуугуч сыяктуу тейлөө жана техникалык жумуштарда иштегендер колдоно алат.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ишкерлер менен болгон жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2021
Алдап жүргөн. Жапаров энергетика министрин иштен кетирген себебин айтты
Белгилей кетсек, президенттин жарлыгында министрлер кабинетине иштен бошотулган кызматкерлерди ишкердикке окутуу, ошондой эле кыскартуудан үнөмдөлгөн каражатты мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын көтөрүүгө жумшоо тапшырмасы берилген.
Кыскартуунун максаты — аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын түзүмүн жана башкарууну оптималдаштыруу, кайталанган жана ашыкча функцияларды жоюу, ошондой эле мамлекеттик аппаратты тейлөөгө каралган бюджеттик каражатты үнөмдөө.
Жаңылыктар түрмөгү
0