Түндүк — Түштүк жолун текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековТүндүк — Түштүк автожолу курулушу. Архив
Түндүк — Түштүк автожолу курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Жазылуу
Комиссия түзүү боюнча  "Ата Мекен" фракциясы демилге көтөрүп, бүгүн, 3-июнда, парламенттин кароосуна алып чыкты.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Түндүк — Түштүк альтернативалык жолунун курулушуна байланыштуу иштерди иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү.
Аталган комиссияны түзүү боюнча "Ата Мекен" фракциясы демилге көтөрүп, бүгүн, 3-июнда, парламенттин кароосуна алып чыкты. Натыйжада 91 депутат "макул", бешөө "каршы" деген добуштарын берди.
Комиссиянын курамына 12 депутат кирди:
  • КСДП фракциясы — Саматбек Ибраев, Максатбек Эгембердиев;
  • "Республика-Ата-Журт" — Марлен Маматалиев, Акыл Кемелов;
  • "Кыргызстан" — Султанбек Анарбаев, Улугбек Садиков;
  • "Өнүгүү-Прогресс" — Уланбек Исмаилов, Мейкинбек Абдалиев;
  • "Бир бол" — Аманкул Токтомамбетов, Нурбек Мурашев;
  • "Ата Мекен" — Бурун Аманова, Шералы Абдылдаев.
Узундугу 433 чакырымды түзгөн альтернативдүү Түндүк — Түштүк жолу Балыкчы — Кочкор — Арал — Казарман — Жалал-Абад каттамы боюнча өтөт. Анын болжолдуу баасы 850 миллион доллар деп бааланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0