Бир нече президенттер, уюмдар Кыргызстанды Айт майрамы менен куттуктады. Тизме

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектеги Имам Сарахси атындагы башкы мечитинде майрамдык айт намаз окуп жаткан адамдар
Бишкектеги Имам Сарахси атындагы башкы мечитинде майрамдык айт намаз окуп жаткан адамдар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2021
Жазылуу
Орозо айтка байланыштуу сегиз өлкөнүн башчысы жана үч эл аралык уюмдун жетекчилери куттуктоо жиберген.
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бир катар мамлекеттердин башчылары жана эл аралык уюмдардын жетекчилери Кыргызстан элин жана президент Садыр Жапаровду Орозо айт менен куттукташты.
Бишкектин борбордук мечитинде миңдеген адам айт намазга жыгылды. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2021
Бишкектин борбордук мечитинде миңдеген адам айт намазга жыгылды. Видео
Ал эми эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдыралинин куттуктоосунда кыргыз элине тынчтык, бакыт-таалай жана бакубат жашоо тилеген.
Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) башкы катчысы Юсуф Бин Ахмед Аль-Усеймин "Биз Алладан Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсүн тынбай тиленебиз, ошондой эле жалпы ислам үммөтүнө тынчтык жана эсенчилик каалайбыз" деген куттуктоосун жиберген.
Ал эми мамлекет башчылар Жапаровго чың ден соолук, ишмердүүлүгүндө жаңы жетишкендиктерди, кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалаган.
Куттуктоо катын жиберген президенттер:
  • Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган;
  • Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Халифа Бин Заид Аль Нахайян;
  • Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев;
  • Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев;
  • Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев;
  • Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов;
  • Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон;
  • Оман мамлекетинин султаны Хайсам бин Тарик.
Жаңылыктар түрмөгү
0