22:09 26 Теке 2021
Түз эфир
  • USD84.4100
  • EUR99.5152
  • RUB1.1392
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
438 0 0

Депутат министрди президент өзү колдой турганын айтып, бирок ал кылган жумушу үчүн парламентте жооп бериши керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Депутаттар саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев парламентке келбей жатканын сындап, бүгүн да эпидемиологиялык кырдаал боюнча маалымат берүүгө чакырышты.

Эл өкүлү Тазабек Икрамов министрди президент өзү колдой турганын айтып, бирок ал кылган жумушу үчүн парламентте жооп бериши керектигин белгиледи.

"Министрди комитетке чакырсак келбейт, жалпы жыйында кароо чечимин кабыл алсак күн тартибине киргизилбептир. Урматтуу төрага, ушул жерде отурган депутаттарды сыйлаш керек. Президентке жакын адамдарды көргөнбүз, буга чейинки министрлер дагы жакын болгон. Кана ошолор, бүгүн каякта жүрөт? Анчалык асманда жүрбөш керек. Ушул жерге чакырып, отставкасын карашыбыз керек", — деди Икрамов.

Ал эми Дастан Бекешев мындай мамилеге депутаттар өзү күнөөлүү экенин айтып чыкты.

"Уу коргошун ичкенге убакыт тапкан министр эмнеге парламентке келе албайт. Мүмкүн 24 саат бою президент менен резиденцияда отургандыр. Албетте, өзүбүз күнөөлүүбүз, ушул жерден жаңы Конституцияны өткөрүп бергенбиз. Бул авторитардык режимдин күчү. Парламентти министрлер сыйлабай калды, керек болсо алар депутаттарга чалып алып коркутат. Азыр келсин, карап көрөлү, болбосо ишенбөөчүлүк көрсөтүп иштен кетирели", — деди Бекешев.

Натыйжада саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев чакыртылып, отчётун угуу күн тартибине киргизилди.

Тема боюнча

Камчыбек Жолдошбаев: саламаттык сактоо министри жакшы иштеп жатат, колдойлу
Парламентте Жапаров уу коргошундан кантип дары жасап жатканын текшерүү сунушталды
ЖКнын тармактык комитети министр Бейшеналиевди иштен алуу чечимин кабыл алды
Белгилер:
Тазабек Икрамов, Дастан Бекешев, отчет, Алымкадыр Бейшеналиев

ЭҢ МААНИЛҮҮ