Суваналиев жетектеген делегация Ферганага барат. Максаты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБаткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев. Архив
Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Жазылуу
Үч тараптуу жолугушуулар эки күнгө созулат. Облус жетекчилери бизнес-форумга катышуу учурунда бири-бири менен өзүнчө сүйлөшүүлөрдү дагы жүргүзүшөт.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Өзбекстандын Фергана шаарында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш облустардын башчыларынын үч тараптуу жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чара 22-апрелге белгиленген. Кыргызстандан Баткендин башчысы Өмүрбек Суваналиев жетектеген делегация барат.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2021
Ворух анклавы алмашылабы. Тажик президентинин пикири
Ал эми 23-апрелде Фергана шаарында Баткен, Фергана, Согди облустарынын бизнес коомчулугунун катышуусунда "Чек ара аймактарын интеграциялоо — өнүгүүнүн кепилдиги" аталышындагы бизнес-форум өтөт.
Ошондой эле өнөр жай жана айыл чарба жаатында кызматташууга арналган пленардык жыйындар болуп, B2B жана G2B форматындагы сүйлөшүүлөр үчүн аянтча уюштурулат.
Иш-чаранын алкагында үч облустун башчыларынын да жолугушуусу каралган.
Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү облустун ири өнөр жай жана айыл чарба ишканаларынын иши менен таанышып, Фергана облусунун өндүрүүчүлөрүнүн продукцияларынын көргөзмөсүнө катышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0