21:45 23 Теке 2021
Түз эфир
  • USD84.2620
  • EUR99.2101
  • RUB1.1423
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
53 0 0

Казакбаев баяндама жасап жатып министрлерди Шериктештиктин ичинде жумушчу күчтүн эркин жүрүүсү үчүн шарттарды түзүүгө, авиакаттамдарды калыбына келтирүүгө жана тоскоолдуксуз жүк ташуу транзитин камсыздоого чакырган.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев КМШга мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

  • Министр иностранных дел Кыргызстана Руслан Казакбаев принимает участие в заседании Совета министров иностранных дел стран Содружества Независимых Государств в широком составе.
    Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев КМШга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышты
    © Sputnik / Евгений Биятов
  • Церемония совместного фотографирования перед началом заседания Совета министров иностранных дел стран Содружества Независимых Государств в широком составе.
    Жыйын Москва шаарында өткөн. Тышкы иштер министрлери 2021-2030-жылдарга карата КМШга мүчө мамлекеттердин дене тарбия жана спорт жаатындагы кызматташуу менен эл аралык жаштар кызматташуусунун стратегияларын бекитишти
    © Sputnik / Евгений Биятов
1 / 2
© Sputnik / Евгений Биятов
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев КМШга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышты

Жыйын Москва шаарында өткөн. Тышкы иштер министрлери 2021-2030-жылдарга карата КМШга мүчө мамлекеттердин дене тарбия жана спорт жаатындагы кызматташуу, эл аралык жаштар, туризм жаатындагы кызматташуу стратегияларын жүзөгө ашыруу иш-чараларынын пландарын бекитишкен.

Министрлер кол койгон долбоорлор:

  • 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун башталышынын 80 жылдыгына байланыштуу Шериктештикке мүчө мамлекеттердин элине жана дүйнө коомчулугуна кайрылуу долбоору;
  • КМШга мүчө мамлекеттердин кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууну каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимдин долбоору;
  • 1992-жылдын 9-октябрындагы КМШга мүчө мамлекеттердин геодезия, картография, кадастр жана аралыктан байкоо жаатында өз ара аракеттенүүсү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун долбоору;
  • Куралдуу күчтөрдүн офицерлерин ыкчам-стратегиялык даярдоо жаатында КМШга мүчө мамлекеттерди базалык уюштуруу жөнүндө чечимдин долбоору.

Казакбаев баяндама жасап жатып министрлерди Шериктештиктин ичинде жумушчу күчтүн эркин жүрүүсү үчүн шарттарды түзүүгө, авиакаттамдарды калыбына келтирүүгө жана тоскоолдуксуз жүк ташуу транзитин камсыздоого чакырды.

Тышкы иштер министрлер кеңешинин кийинки отуруму 2021-жылдын 14-октябрында Беларуста, Минск шаарында өтөт.

Тема боюнча

Дилшод Рахмон референдумда КМШ ассамблеясынын байкоочуларын жетектейт
Казакбаев Тажикстанда КР жарандарын күтүүсүз текшерүү көбөйгөнүнө тынчсызданды
Белгилер:
Документтер, Руслан Казакбаев, жыйын, КМШ, ТИМ

ЭҢ МААНИЛҮҮ