22:38 11 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.7863
  • EUR100.7855
  • RUB1.0988
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
0 0

Кызмат орундары аткаруу бийлигин оптимизациялоо максатында жасалып жаткан иштердин алкагында түзүлгөнү айтылат.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Вице-премьер рангындагы экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаковдун сегиз орун басары дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Аталган кызмат орундары аткаруу бийлигин оптимизациялоо максатында жасалып жаткан иштердин алкагында түзүлгөнү айтылат. Анда эки биринчи орун басар, алты орун басар дайындалган.

  • Биринчи орун басары — Мукашев Кыялбек Белекович;
  • Биринчи орун басары — Иманалиев Данияр Шаршенбекович;
  • Орун басары — Алиев Бекболот Абдыганыевич;
  • Орун басары — Ахматов Султан Маматович;
  • Орун басары — Алишеров Эльдар Туралиевич;
  • Орун басары — Байгончоков Мирланбек Конушбекович;
  • Орун басары — Рысалиев Сейит Максутович;
  • Орун басары — Шаршеев Айдин Омуралиевич;

Борбордук казынанын директору — Нарманбетов Садырбек Жаныбекович.

Белгилей кетсек, өкмөттүн жаңы түзүмүндө мурдагы Экономика менен Финансы министрликтери бириктирилип, Экономика жана финансы министрлиги негизделген. Ошондой эле анын курамына Салык кызматы, Бажы кызматы, Финансы полициясы, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматы, Финансылык чалгындоо кызматы, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жана Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги дал ушул министрликтин карамагына өткөн.

Мунун башында турган министрге вице-премьер макамы берилген. Ал өлкөнүн бардык киреше булагына жооп берет.

Тема боюнча

Сапаттуу кадрдык курам түзүү. ИИМ бүгүнкү ротациянын себебин түшүндүрдү
Финансылык чалгындоо кызматына жаңы жетекчи дайындалды
Белгилер:
орун басар, дайындоо, Экономика министрлиги

ЭҢ МААНИЛҮҮ