Садыр Жапаров дагы беш жарлыкка кол койду. Маани-маңызы

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2021
Жазылуу
Жарлыктарда айтылган милдеттерди ишке ашыруу үчүн тийиштүү бардык зарыл чараларды көрүү өкмөткө сунушталды.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров дагы беш жарлыкка кол койгонун президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Жарлыктар саламаттык сактоо, өлкөнүн финансы рыногун, агро өнөр жай комплексин мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар, мыйзамдарды инвентаризациялоо жана санарип технологияларды киргизүүнү активдештирүү маселелерине тиешелүү.
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2021
Садыр Жапаров 17 судьяны дайындады. Тизме
Президенттин "Саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калктын жашоосу менен саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгы саламаттык сактоо уюмдарынын ишин өркүндөтүү, ооруларды алдын алуу, жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жогорулатуу, материалдык-техникалык камсыздоону, кадрдык ресурстарды башкарууну жакшыртуу жана саламаттык сактоо системасына санарип технологияларды мындан ары киргизүүгө багытталган.
"Финансы рыногун мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгында финансы рыногун өнүктүрүү жана аны санариптештирүү процессин ылдамдатуу, жарандардын жана ишкерлердин финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, бул секторго инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү максатында өлкөнүн финансы рыногун мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар каралган.
"Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыктын негизги милдети айыл чарба азыктарын өндүрүүнү жана экспорттук потенциалын жогорулатуу аркылуу өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча агроөнөр жай комплексинин артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү, коюлган максаттарга жетишүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.
"Кыргызстандын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө" жарлык мыйзамдык базаны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү, колдонуудагы баалуулуктарды жана принциптерди, жаңы багыттарды кайра карап чыгууга негизделген жана жаран менен юридикалык жактардын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоого багытталган.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2021
Чырлуу иштери бар экен. Садыр Жапаров жаңы мэр боюнча пикирин билдирди
Президенттин "Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" жарлыгы жакынкы мезгилде мамлекет, бизнес жана жарандар ортосундагы туруктуу санариптик өз ара аракеттенүүнү түзүү боюнча негизги милдеттерди аныктайт. Жарлыктын максаты — Кыргызстандын калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чараларды кабыл алуу.
Жогоруда айтылган жарлыктарды ишке ашыруу үчүн бардык зарыл чараларды көрүү өкмөткө сунушталат.
Жаңылыктар түрмөгү
0