Депутат Рысалиев Мариповго: сизге ичим чыкпай жатат, "папин сын" эмессизби...

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2021
Жазылуу
Премьер-министрликке талапкердин атасы Жогорку Кеңештин эки жолку депутаты. Учурда Ноокат аймактык ооруканасынын директору болуп иштейт.
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев премьер-министрликке талапкер Улукбек Мариповго "акчага болгон сүйүүңүз канчалык?" деген суроо узатты.
Анда талапкер акчага болгон сүйүүсү такыр жок экенин билдирди.
Андан соң депутат "сиз "папин сын" (атанын эрке баласы — ред.) эмессизби. Атаңыздын күчү менен бул кызматка келе жаткан жоксузбу?" деп сурады.
"Мен атамдын фамилиясын эч качан булгагым келбейт. Атамдын берген тарбиясы менен сыймыктанам. Мен дагы ушундай балдарды тарбиялап, өстүрсөм деген ниетим бар. Бирок мен кайсы кызматта иштебейин, өзүмдүн принцибим менен иштеп келе жатам", — деди Марипов.
Премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2021
20 жыл иштедим, баарыбыз бир жерге барабыз. Марипов принциптерин айтты
Бул жооптон кийин Рысалиев Садыр Жапаров көп кыйынчылыкты башынан өткөрүп анан президент болгонун, ал эми Марипов ар дайым чоң кызматтарда иштеп келгенин белгилеп, анын өкмөт башчылыкты алып кетерине ичи чыкпай жатканын билдирди.
Белгилей кетсек, премьер-министрликке талапкердин атасы Асамидин Марипов КРдин эмгек сиңирген дарыгери. Жогорку Кеңештин II жана III чакырылышынын депутаты. Учурда Ноокат аймактык ооруканасынын директору.
Жаңылыктар түрмөгү
0