13:52 03 Жалган Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.8113
  • EUR101.7905
  • RUB1.1373
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
35 0 0

Жолугушууда европалык тарап Кыргызстанга мындан ары дагы ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин маалымдады.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына катышуу үчүн келген элчи, Европа биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен жолукту. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Анда Казакбаев Европа биримдигине Кыргызстандын калкына эмдөө жүргүзүүдө колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.

Ал эми Буриан европалык тарап КРдеги саясий кырдаалдын турукташуусун кубаттай тургандыгын жана мындан ары дагы ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле сүйлөшүү учурунда ЕБ тарабынан берилген ВСП+ статусунун мүмкүнчүлүктөрүн КРде пайдалануунун алкагында долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланган.

Тема боюнча

ЖККУнун башкы катчысы Зась менен Казакбаев жолукту. Талкууланган маселелер
Белгилер:
эмдөө, жолугушуу, Кыргызстан, Европа биримдиги

ЭҢ МААНИЛҮҮ