Референдум өткөрүүгө 40 миллиондой сом кетет

Жазылуу
БШК төрайымы каражатты үнөмдөө болорун, бирок шайлоого даярданып жана аны өткөрүүгө 40 миллионго жакын сом кетерин билдирди.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Кыргызстандагы бийликтин башкаруу формасын аныктоо үчүн өтө турган референдумга 39 миллион 940 сом кетет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы чыгымдардын көлөмүн талкуулап жаткан учурда белгилүү болду.

БШКнын төрайымы мындай чыгымдар бюллетендерди басып чыгаруу жана жеткирүү, андан сырткары дагы бир катар иштерге 20 миллион 124 миң сом сарпталарын айтты.

Лидер фракции Ата-Мекен Омурбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан
Текебаев: референдум маселесин бүгүн кароого болбойт, кийин төрага жооп берет
Аймактык шайлоо комиссияларына 12 миллион 816 миң сом бөлүнөт. Беш миллион сом ТИМге которулат, дагы 500 миң Миграция боюнча мамлекеттик кызматка каралат. Булардан тышкары 1,5 миллион сомду Мамлекеттик каттоо кызматына беришет.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова 2016-жылдагы референдум менен жергиликтүү кеңештин шайлоосун бирге өткөрүп, ага 67 миллион сом каражат сарпталгандыгын эске салды.

"Быйыл 40 миллион сомдон азыраак акча бөлүнүп жатат. Чыгымдар да аз кетет, кыязы, үнөмдөө болот", — деп кошумчалады ал.

БШК мүчөлөрү бул боюнча токтом долбоорун колдоду.

Референдум 10-январда президенттик шайлоо менен бир күндө өтөт.

Референдумга Кыргызстанды төмөндөгүдөй башкаруу формаларын тандоо маселеси чыгарылат:

  • президенттик республика;
  • парламенттик республика;
  • бардык варианттарга каршы.
Жаңылыктар түрмөгү
0