Президенттик шайлоого дагы 5 киши арызын берди. Арасында пенсионер айым бар

© Фото / пресс-служба ЦИК КРКандидат на должность президента Анаркуль Араева
Кандидат на должность президента Анаркуль Араева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушуну менен талапкерлердин саны 40ка жетти. Буга чейин 35инин тизмеси жарыяланган. Президенттик шайлоо 10-январда өтөт.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 14-ноябрда, президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына дагы беш киши арызын берди. Бул тууралуу БШКнын сайтына жарыяланды.

Талапкерлердин тизмеси:

  • Анаркүл Араева, 60 жашта, пенсионер;
  • Орозбек Мадинов, 52 жашта;
  • ЖК депутаты Каныбек Иманалиев, 51 жашта;
  • Темирлан Ормуков, 44 жашта.

Мындан сырткары, премьер-министр Садыр Жапаров дагы бүгүн арызын берди.

Ушуну менен талапкерлердин саны 40ка жетти. Буга чейини 35инин тизмеси жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0