Садыр Жапаров соттолгондордун арасынан кимдерге ырайым берилерин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековГосударственная служба исполнения наказания
Государственная служба исполнения наказания - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин милдетин аткаруучунун айтымында, учурда ырайым сурап арыз менен кайрылгандардын документтерин Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы жана башка тиешелүү органдар карап жатат.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров абакта жеңил кылмыш кылып же адилетсиз жаткан адамдарга жакында ырайым берерин жана ал топко кимдер кирерин санап берди.

Эске салсак, бүгүн Жапаровдун маалымат жыйыны өттү. Журналисттер ага "сиз президенттин милдетин аткаруучу катары соттолгон жарандарга ырайым берүүгө укугуңуз жок экени айтылууда" деген суроо беришти.

"Президенттин милдетин аткаруучу катары ырайым берүүгө, албетте, укугум бар. Бул процедураны ишке ашырууда бардык документтери даяр жарандар эркиндикке чыгат. Учурда берилген арыздардын үстүндө Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы жана башка тиешелүү органдар иштеп жатат", — деди Жапаров.

Жапаров Райым Матраимов кармалганда эмнени өтүнгөнүн айтып берди

Ошондой эле ал кимдер ырайым аларын жана кимдер албасын санап берди.

"Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, киши өлтүргөндөр жана бир нече ирет кайталап кылмыш кылгандар, албетте, жазасын өтөшү керек. Бирок майда кылмыш кылып же адилетсиз отурган жарандарыбыз бар. Ошондой эле балалуу аялдар отурат", — деди Жапаров.

Анын айтымында, бул нерсе бир четинен абакта отургандар үчүн кетип жаткан мамлекеттин акчасын үнөмдөөгө, экинчи жагынан ажырап калган үй-бүлөлөрдү бириктирүүгө жардам берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0