Кайрадан орун алмашуу. Балбак Түлөбаев жаңы вицелерди дайындады

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Балбак Түлөбаев. Архив
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Балбак Түлөбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу тиешелүү токтомго шаарга жаңы эле башчынын милдетин аткаруучу болуп келген Балбак Түлөбаев кол койгон.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясында кайрадан кадрдык алмашуу болуп, Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди
Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди - Sputnik Кыргызстан
1/2
Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди
© Sputnik / Табылды КадырбековСоциалдык суроолор боюнча вице-мэрликке Айжан Чыныбаева дайындалды
Социалдык суроолор боюнча вице-мэрликке Айжан Чыныбаева дайындалды - Sputnik Кыргызстан
2/2
Социалдык суроолор боюнча вице-мэрликке Айжан Чыныбаева дайындалды
1/2
Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди
2/2
Социалдык суроолор боюнча вице-мэрликке Айжан Чыныбаева дайындалды

Анын ордундагы Нариман Түлеев иштен бошотулган.

Бишкек мэриясынын алдында кайрадан митинг. Сүрөт, видео

Ал эми социалдык суроолор боюнча вице-мэрликке Айжан Чыныбаева дайындалды.

Тиешелүү токтомдорго шаарга жаңы эле башчылыктын милдетин аткаруучу болуп келген Балбак Түлөбаев кол койгону белгилүү болду.

Калаа башчысынын орду 5-6-октябрдагы элдик толкундоо болгондон бери талашта болчу. Азиз Суракматов өз каалоосу менен арызын жазып кеткенден кийин анын ордуна биринчи вице-мэр болуп дайындалган Нариман Түлеев келген. Бирок анын бул кызматка келишине нааразы болгон эл мэриянын алдында митинг өткөрүп, жыйынтыгында Түлеев кетип, мэрдин милдетин вице-мэр Алмаз Бакетаев аткара баштаган.

Бирок абал тынчыбагандыктан, Нариман Түлеев кызматтан кетүү боюнча арызын кайра кайтарып алган. Бишкек шаарынын мэриясы калаа жетекчисинин милдетин мыйзамдуу түрдө аткаруучу болуп вице-мэр Нариман Түлеев эсептеле турганын билдирген.

Ага нааразы болгон топ 26-октябрда мэриянын алдында кайрадан митинг өткөргөн.

Көп өтпөй учурдагы бийлик мэриянын мурдагы аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаевди өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн бошотуп, Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу кылып дайындаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0