Алмазбек Атамбаев кандай шартта кармалып турганын айтып берди

© AP Photo / Vladimir VoroninМурунку президент Алмазбек Атамбаев
Мурунку президент Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-президент Азиз Батукаевдин иши боюнча соттук процесстер жабык режимде өтүп жаткандыгына нааразы болгон.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бүгүн, 27-октябрда, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери мурунку президент Алмазбек Атамбаевден кабар алып келишти. Бул тууралуу аталган борбордон кабарлашты.

Эске салсак, УКМКнын тергөө абагындагы Алмазбек Атамбаев №1 тергөө абагына которулган. Ал жактын шарты начар болгондуктан Атамбаев ачкачылык жарыялаганын адвокаты Сергей Слесарев билдирген.

"Алмазбек Атамбаев биринчи кабаттагы төрт орундуу камерада экен. Анын жанында дагы бир иши тергөөдөгү адам бар. Сүйлөшүү учурунда Атамбаев абактын шартына нааразы болду. Камерада суук экенин айтты", — дешти борбордон.

Башкы прокуратура: Атамбаев, Шадиев сыяктуулар өлкөгө 13,6 млрд. сом зыян келтирген

Алмазбек Атамбаев эмнеге ачкачылык жарыялаганын дагы түшүндүргөн.

"Экс-президент Батукаевдин иши боюнча соттук процесстер жабык режимде өтүп жаткандыктан ачкачылык жарыялаптыр. Мындан тышкары, аны УКМКнын тергөө абагынан ЖАМКтын №47 мекемесине которуу керек эле. Себеби медициналык жардамга муктаж. Бирок ал учурда №1 тергөө абагында жатат", — деп маалыматта белгиленген.

Мындан тышкары, Атамбаев соттук процесстерди ачык өткөрүп, өзүн №47 абакка которууну талап кылып жатканы белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0