Балбак Түлөбаев ишке киришери менен эки вице-мэр кызматтан кетти

© Sputnik / Эмиль СадыровБишкек мэриянын имараты. Архив
Бишкек мэриянын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Балбак Түлөбаев дайындалды. Эми ал Бишкек шаардык кеңеши кайра шайлангыча, тагыраак айтканда, 2021-жылдын апрелине чейин мэрдин милдетин аткарат.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бишкек мэринин орун басарлары Виктория Мозгачева менен Алимбек Абдылдаев ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор КП "Бишкектеплоэнерго" Алимбек Абдылдаев на пресс-конференции в мультимедийном центре Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэринин орун басары Алимбек Абдылдаев  - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бишкек мэринин орун басары Алимбек Абдылдаев
© Sputnik / Табылды КадырбековВице-мэр столицы по социальной политике Виктория Мозгачева возле офиса Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэринин орун басары Виктория Мозгачева - Sputnik Кыргызстан
2/2
Бишкек мэринин орун басары Виктория Мозгачева
1/2
Бишкек мэринин орун басары Алимбек Абдылдаев
2/2
Бишкек мэринин орун басары Виктория Мозгачева
"Турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэр Алимбек Абдылдаев менен социалдык саясат боюнча вице-мэр Виктория Мозгачева иштен кетти", — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкектин вице-мэри Абдылдаев Финполго сурак берди. Себеби

Эске салсак, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Балбак Түлөбаев дайындалды. Жаңы башчыны жамаатка өкмөт аппаратынын жетекчиси Бактыбек Аманбаев менен Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров тааныштырды.

Эми Түлөбаев Бишкек шаардык кеңеши кайра шайлангыча, тагыраак айтканда, 2021-жылдын апрелине чейин мэрдин милдетин аткарат.

Жаңылыктар түрмөгү
0