ЖК комитети эки шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзам долбоорун колдоду

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоо учурунда аял добуш берип турат. Архив
Шайлоо учурунда аял добуш берип турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону 20-декабрга дайындаган болчу.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Конституциялык мыйзамдар, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет президенттик жана парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча мыйзам долбоорун колдоду. Бул тууралуу аталган комитеттин мүчөсү, вице-спикер Аида Касымалиева билдирди.

Анын айтымында, бул мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.

Эл өкүлү Талант Мамытов мындай демилге азыркы саясий-экономикалык кырдаалды, эпидемиологиялык абалды эске алуу менен сунушталып жатканын айткан. Ошондой эле ал бул аралыкта Конституциялык реформа дагы жасалышы мүмкүндүгүн кошумчалаган.

Сулайманов: толкуган жаштар 120 депутатты да кошуп кууса болмок экен

Ал эми депутат Алтынбек Сулайманов эгер бул мыйзам кабыл алынса шайлоолорду өткөрүү мөөнөтү 4-6 айга чейин жылдырыла турганын билдирген.

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ парламенттик шайлоону 20-декабрга дайындаган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0