Отставкага кеткен Жээнбековдун жума намазга барган видеосу жарыяланды

Жазылуу
Экс-президент Жогорку Кеңештин төрагасы менен биргеликте борбор калаанын Жал кичи районундагы мечитке барган.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн расмий түрдө кызматын тапшырып бергенден кийин жума намазга барды. Анын мечиттен чыгып бараткан видеосун Sputnik Кыргызстанга окурман жиберди.

Кадрдан экс-президенттин жанында Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаевдин жүргөнүн көрүүгө болот. Жээнбеков жан сакчылардын коштоосунда чыгып унаасына отуруп кеткен.

Жээнбеков борбор калаанын Жал кичи районундагы мечитке барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0