00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Путеводитель соотечественника как навигатор по жизни в Кыргызстане
12:08
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге экспорт көбөйөт — онлайн соодагерлер үчүн эсеп-фактуранын жаңы формасы ишке кирди
13:04
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Красный капитализм: как устроена политическая система современного Китая
14:04
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Салттуу медицина кандайча жөнгө салынат: лицензиялоо маселелери кандай?
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Талант Эралиев о планах центра кардиологии в 2026 году
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда балдардын 9 пайызга жакыны ашыкча салмактан жапа чегет. Балдардын ден соолугуна кантип кам көрсөк болот?
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Столичные дороги: что будут ремонтировать и где ждать пробок
18:07
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Ажырашууга бир кадам калганда… «Берекем» тасмасы сүйүүнүн чыныгы баасын көрсөтөт
19:06
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Будь в курсе
Почему при росте экономики бизнес всё ещё чувствует риски - беседа с главой МДС
20:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салттуу медицина кандайча жөнгө салынат: лицензиялоо маселелери кандай?
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Депутаттар Жээнбековдун импичменти боюнча бир пикирге келе алышкан жок. Видео

Жазылуу
Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу Sputnik кабарчысына 7-октябрь күнү депутаттар жабык эшик артында бир нече жолугушуу өткөргөнүн айтып берген.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңеш депутаттарынын өлкөдөгү абал жана президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо мүмкүндүгү талкууланган жолугушуусу үзгүлтүккө учурады.

Эл өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийинки жарыяланган видеодо депутаттар бир пикирге келе албай тарап бара жатканын көрүүгө болот.

Жолугушуу өтө турган жай айтылган эмес. Ал эми видео "Короче" Telegram-каналына жүктөлгөн.

Кадрларда депутат Эльвира Сурабалдиева менен талапкер Айжан Чыныбаева жаңы шайланган төрага Мыктыбек Абдылдаевден калуусун өтүнүп жатканы көрүнүп турат.

"Түгөнбөгөн сүйлөшүүлөр. Депутаттар дагы ойлоно турган болушту", — деген Чыныбаева.

Абдылдаев мейманканадан чыккандан кийин башка депутаттар да тарай баштаган. Сурабалдиева жаңы спикер импичмент тууралуу документке кол коюудан баш тартканын айтып берди.

Кадрлардан ошондой эле нааразы болгон Жанар Акаевди көрүүгө болот. Анын "баарын өздөрү кыйратышты" деген сөзү кимге багытталганы белгисиз бойдон калды.

Сооронбай Жээнбеков: саясий күчтөрдөн конкреттүү кадамдарды күтөм. Видео

Экс-депутат Алтынбек Жунус уулу айрым депутаттар коркутуп-үркүтүүгө дуушар болуп жаткандыктан жолугушуу аягына чыкпай калганын белгиледи. Ал эми Сурабалдиева коркутуулар Садыр Жапаровдун адамдары тарабынан жасалып жатканын айтууда.

Видеого "Республика" партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев да түшүп калган. Ал 30 адам кол койгонун айтып, бирок кайсы документ экенин ачыктаган жок. Жээнчороев видеого тартып жаткан Мирбек Асангариевден аракетин токтотууну өтүнгөн.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу Sputnik кабарчысына 7-октябрь күнү депутаттар жабык эшик артында бир нече жолугушуу өткөргөнүн билдирди.

Эскерте кетсек, 6-октябрда ЖК имараты талкалангандыктан депутаттар жыйынды "Достук" мейманканасында өткөргөн. Отелдин алдында саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташтары акция уюштуруп, натыйжада эл өкүлдөрү премьер-министрликке анын талапкерлигин жактырып беришкен.

Өкмөт үйүнүн алдындагы топ адамдардын кагылышуусу. Видео

Кыргызстандагы кырдаал

5-октябрь күнү "Ала-Тоо" аянтында оппозициялык күчтөрдүн митинги башталган. Ага парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон миңдеген киши чогулган болчу. Ак үйгө чабуул жасалган соң милиция менен кагылышуу башталып, тиреш бир нече саатка созулган.

Түндө митингчилер парламенттин имаратын ээлеп алышкан. Эртеси да акциялар уланып, түндө морадерлук кылууга аракеттер болгон.

7-октябрда да митингдер уланып, ушу тапта бир нече кыймыл бийликке келүүгө умтулуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0