Кыргызстанда парламенттик шайлоо аяктады

© Sputnik / Табылды КадырбековПарламенттик шайлоо учурундагы добуш берүү
Парламенттик шайлоо учурундагы добуш берүү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
3 миллион 523 миң 532 киши добуш берүүгө укук алган. Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөндүктөн, 437 миң жаран шайлоого катыша алган жок.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Өлкөдө добуш берүү аяктап, шайлоо участкалары жабылды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын саат 18.00гө карата маалыматы боюнча, шайлоого 1 миллион 594 миң 802 адам катышты.

Белгилей кетсек, бүгүн, 4-октябрда, кыргызстандыктар Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлады.

Бишкекте каза болгон адам "добуш бердиби"? БШК мүчөсүнүн жообу

Бул ирет республика боюнча 2 475 добуш берүү участогу иштесе, чет өлкөдө жашап жүргөн жарандар добуш бериши үчүн 45 шайлоо участогу ачылды.

Аларда 3 миллион 523 миң 532 киши добуш берүүгө укук алган. Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөндүктөн, 437 миң жаран шайлоого катыша алган жок.

Эске салсак, кыргыз парламентинде 120 депутаттык мандат бар. Алар үчүн 2 миңдей талапкер 16 саясий партиянын катарында ат салышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0