ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары видеоконференция форматында сүйлөшүүсү мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив
ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушуу сунушун 31-мартта Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян менен маектешүү убагында айткан.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдиктеги беш өлкөнүн лидерлеринин сүйлөшүүсүн видеоконференция форматында өткөрүү иштелип жатат. Бул туурасында "Известия" агенттиги Евразиялык экономикалык комиссияга (ЕЭК) шилтеме берип жазды.

"Евразиялык экономикалык биримдиктеги мамлекет башчыларынын экономикалык кырдаалды талкуулоо боюнча жолугушуусу комиссия тарабынан иштелүүдө. Ал видеоконференция режиминде өтөрү боолголонуп жатат", — деп билдирген ЕЭК.

Жүк ташыган фура жолдо бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБге айрым товарларды бажы салыгын албай киргизүү пландалууда
Бирок комиссия Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын башчыларынын жолугушуусунун убактысын так айткан эмес.

Жолугушуу сунушун 31-мартта Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян менен маектешүү убагында айткан.

Ошондой эле 10-апрелде ЕАЭС өлкөлөрүнүн өкмөт аралык кеңешинин отурумун өткөрүү пландалган. Бирок Евразиялык экономикалык комиссия коронавируска байланыштуу ал видеоконференция түрүндө өтөрүн билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0