04:02 06 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD74.2343
  • EUR84.1186
  • RUB1.0816
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1503)
475 0 0

Маселе негизинен шаар ичинде жүрө турган уруксат кагаздары боюнча болууда. Бишкектин ичине зарыл болгон жүктү алып кирүү же башка жакка алып өтүү үчүн уруксат керек. Мындай көйгөй бар экендигин өкмөттөн өздөрү да айтышты.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кыргызстандыктар комендатуралардын ишине нааразы экендигин президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин тар чөйрөдө өткөн жыйынында айтты.

  • Президент КР Сооронбай Жээнбеков на заседании Совета безопасности в узком составе с участием руководителей государственных органов страны
    Кыргызстандыктар комендатуралардын ишине нааразы экендигин президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин төр чөйрөдө өткөн жыйынында айтты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Заседание Совета безопасности в узком составе с участием руководителей государственных органов страны
    Маалымат кызматынан билдиргенине караганда, жыйын бүгүн, 31-мартта, болгон
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Заседание Совета безопасности в узком составе с участием руководителей государственных органов страны
    Анда коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылып кетишин алдын алуу жана элди азык-түлүк менен камсыздоо жаатында көрүлө турган чаралар талкууланды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент КР Сооронбай Жээнбеков на заседании Совета безопасности в узком составе с участием руководителей государственных органов страны
    Жээнбеков комендатуралардын ишмердигине карата жарандардын нааразычылыгы көп болуп жатканын баса белгилеген
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент КР Сооронбай Жээнбеков на заседании Совета безопасности в узком составе с участием руководителей государственных органов страны
    Жээнбеков ошондой эле өлкөнүн өткөрмө пункттарындагы карантиндик-санитардык посттордун ишмердигине, келип жаткан жарандарды текшерүү боюнча иш жетишсиз уюшулганына көңүл бурган.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 5
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Кыргызстандыктар комендатуралардын ишине нааразы экендигин президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин төр чөйрөдө өткөн жыйынында айтты

Маалымат кызматынан билдиргенине караганда, жыйын бүгүн, 31-мартта, болгон.

Анда коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылып кетишин алдын алуу жана элди азык-түлүк менен камсыздоо жаатында көрүлө турган чаралар талкууланды.

Жээнбеков комендатуралардын ишмердигине карата жарандардын нааразычылыгы көп болуп жатканын баса белгилеген.

"Атайын уруксат кагаздарын берүү, блокпостторго атайын жабдуу орнотууда, блокпосттордо турган кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоодо маселелер бар", — деген президент.

Жээнбеков ошондой эле өлкөнүн өткөрмө пункттарындагы карантиндик-санитардык посттордун ишмердигине, келип жаткан жарандарды текшерүү боюнча иш жетишсиз уюшулганына көңүл бурган.

Кыргызстандагы коронавирус жана өзгөчө кырдаал

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 31-марттагы маалыматтарда 107ге жетти. Басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында. Алардын арасынан 30-мартта Сузактын үч тургуну айыгып чыкты.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1503)

Тема боюнча

Оштун коменданты: үйдө отурбай, тартип бузгандар обсервацияга жаткырылат
Карантин учурунда студенттер контракт акысын төлөбөйбү? Министрликтин жообу
Нарын: Пакистандагы дааваттан келген кишиден COVID-19 жакындарына жуккан
Белгилер:
Коопсуздук кеңеши, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ