09:41 05 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.9200
  • EUR82.8348
  • RUB1.0711
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
651 0 0

Бүгүн, 31-январда, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун төрагалыгы алдында кеңейтилген коллегиянын отуруму өттү.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Ишин так аткарбаганы үчүн прокуратуранын 27 кызматкерин жана жетекчисин тартиптик жоопкерчиликке тартуу сунушталды. Бул туурасында Башкы көзөмөл органынын маалымат кызматы билдирди.

  • Коллегия Генеральной прокуроры КР
    Ишин так аткарбаганы үчүн прокуратуранын 27 кызматкерин жана жетекчисин тартиптик жоопкерчиликке тартуу сунушталды
    © Фото / пресс-служба ГП КР
  • Коллегия Генеральной прокуроры КР
    Бүгүн, 31-январда, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун төрагалыгы алдында кеңейтилген коллегиянын отуруму өттү.
    © Фото / пресс-служба ГП КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба ГП КР
Ишин так аткарбаганы үчүн прокуратуранын 27 кызматкерин жана жетекчисин тартиптик жоопкерчиликке тартуу сунушталды

Бүгүн, 31-январда, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун төрагалыгы алдында кеңейтилген коллегиянын отуруму өттү.

"Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин кадыр-баркына шек келтиргендердин этикалык жана тартип жоопкерчилигин кароо маселеси кызуу талкууланды. Жыйындын аягында тиешелүү буйруктарды так аткарбаган жана мыйзамсыз иштерге чабал көзөмөл жүргүзгөн 30дай кызматкер менен жетекчиге тартиптик чара колдонуу сунушталды", — деп жазылат маалыматта.

Жыйындын алкагында былтыр прокурордук чара көрүү актыларынын негизинде мамлекетти зыянга учураткан 1 миллиард 79,5 миллион сом өндүрүлгөнү кошумчаланды.

Тема боюнча

Жээнбековдун каарынан кийин кимдердин жазаланары аныкталды. Тизме
"Унаанын" директору Козубаевге иш козголуп, кызматтан алуу сунушталды
Белгилер:
тартип, прокурор, Өткүрбек Жамшитов

ЭҢ МААНИЛҮҮ