Жээнбеков ханзааданын чакыруусу менен Бириккен Араб Эмирлигине барат

Жазылуу
Жолугушуунун жыйынтыгы менен Бишкек шаарында Ислам академиясын куруу боюнча макулдашууга кол коюлмакчы.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын 11-12-декабрь күндөрү расмий сапар менен Бириккен Араб Эмирлигине бара турганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Участие президента КР Сооронбая Жээнбекова в седьмом заседании ССТГ - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков 20 млн. доллар бериле турган эл аралык документти ратификациялады
Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдун айтымында, сапар Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы, БАЭнин Куралдуу Күчтөрүнүн башкы командачысынын орун басары, шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайандын чакыруусу менен ишке ашмакчы.

Жээнбеков ханзаада менен тар жана кеңири чөйрөдө жолугары айтылды. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багытта эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланат.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен Бишкек шаарында Ислам академиясын куруу боюнча макулдашууга кол коюлмакчы.

"Ислам академиясын түзүү демилгеси Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин Сочидеги сүйлөшүүлөрүнөн кийин пайда болгон. Академия жогорку билим берип, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелер, диний уюмдар үчүн кадрларды даярдоо, квалификацияны жогорулатуу максатын көздөйт", — деди Сыдыков.

Сапардын алкагында Жээнбеков БАЭнин вице-президенти, премьер-министр Мухаммед бин Рашид Аль Мактум менен жолугушары пландалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0