Депутаттык мандат 1 млн. долларга чейин чыгат. Дастан Бекешев агынан жарылганда

© Sputnik / Дильноза АлымоваЖогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлдөрүнүн арасынан Дастан Бекешев журналисттер үчүн ачыктыгы менен айырмаланып келет. Бул жолу да ал эч бир сурообузду жоопсуз калтырбады.

"Миллионерлердин клубу да бул жер", — деп жылмаят парламенттеги кесиптештеринин жашоосунан кеп салып жатып. Өзүндө го жашыра турган нерсе жок, Жогорку Кеңештеги 9 жылда деле байып кетпегенин мойнуна алат.

— Маектериңизди окуп жатып бир учур көзүмө урунду. 2008-жылы катардагы мамлекеттик кызматкер кезиңизде Жогорку Кеңештин имаратына депутат болуп кайтарыңызды айтсаңыз, сизди мыскылдай күлүшкөн экен. Себеби партиялык тизмеде орун 100 миңден 500 миң долларга чейин жетерин айтышчу эмес беле.

— Жүз миңби? Маалыматыңыз эски бойдон экен!

— Коюңузчу?! Депутат болуш үчүн азыр канча төлөш керек?

— Алдыңкы он орун 300 миң доллардан кем эмес, менимче. Ал эми эң жогорку баа талапкердин мүмкүнчүлүгүнө жараша бычылат. Эгер завод, кемелерге ээлик кылса, депутаттык мандаттын наркы да кымбаттайт. Мындан тышкары, талапкер коомчулуктун көзүнө көрүнө элек болсо, андан миллион деле сурашы турулуу иш.

— Анан парламентарийлер сарптаган акчасын кайра кантип кайтарат? Айлыктары ашып кетсе 40-50 миң сом, айрымдарга бул каражат болбогон тыйын эмеспи.

— Адамдар ал жакка маяна үчүн барышпайт. Өз бизнесин коргоо үчүн парламентке келүүгө жан талашышат. Өздөрүнүн бейкапар жашоосу үчүн төлөм деп койсоңуз болот. Депутат каалаган министрдин же премьер-министрдин каалгасын каккылай аларын, эгер каалоосу күч болсо, президентке чейин кире аларын унутпаңыз да.

— Кээ бир депутаттар айлыктарын деле алышпайт деп уккам.

— Жо-ок, айлыктан эч ким баш тарткан эмес. Баары, алтургай, доллар менен ченелген миллионерлер деле айлык алышат. Биздин чириген байлар ушунчалык зыкым, чет өлкөгө сапарларга да эл аралык уюмдардан акча бөлдүрүп алышат. Кишинин колунда баарын сатып алчудай акчасы турат, бирок байкуш кызматкерлерди авиабилет үчүн кыйнайт!

— Ушундай кымбат төлөмдөр болсо, парламентке өзүңүз кантип келип калдыңыз? Бай деле үй-бүлөдөн чыкпаганыңызды байма-бай айтып келесиз го.

— 2010-жылы "Ар-Намыс" партиясы аркылуу өткөм. Акылбек Жапаров (азыр Жогорку Кеңештин депутаты — ред.), Феликс Кулов (партиянын лидери — ред.) партиялык тизмеге кимдерди киргизүү боюнча талкуулап жатып, менин фамилиямды жазышат. Буга Жапаровдун ошол убакта мени активдүү киши катары билип калганы түрткү болот. Менден эч ким эч нерсе сураган да эмес.

Беш жылдан соң мени кайра шайлашты, бул ирет КСДП аркылуу келдим. Кайсы бир коомдук рейтингди изилдеп көрүшсө керек, кыязы, анан мени тизмеге кошушат. Буга деле кайсы бир байке келип мени бир жакка орноштурат деп күтпөстөн, Жогорку Кеңеште бериле иштегеним себеп болду деп ойлойм.

© Sputnik / Дильноза АлымоваДастан Бекешев: Жогорку кеңешке адамдар маяна үчүн барышпайт. Өз бизнесин коргоо үчүн парламентке келүүгө жан талашышат. Өздөрүнүн бейкапар жашоосу үчүн төлөм деп койсоңуз болот.
Депутаттык мандат 1 млн. долларга чейин чыгат. Дастан Бекешев агынан жарылганда - Sputnik Кыргызстан
Дастан Бекешев: Жогорку кеңешке адамдар маяна үчүн барышпайт. Өз бизнесин коргоо үчүн парламентке келүүгө жан талашышат. Өздөрүнүн бейкапар жашоосу үчүн төлөм деп койсоңуз болот.

— Жогорку Кеңешке келгенде иштен тез көңүлүңүз сууй түшкөнүн моюнга алганыңыз бар...

— Ооба, ошондой болгон. 2011-жыл болчу, өлкө революция, июнь окуялары өңдүү оор сыноолордон жаңы өткөн кез. Билек түрүнө ишке кирише турган убак, ал эми парламентте: "Эмнеге тигиге кызматтык унаа берип, мага берген жоксуңар?" – деген сымал эле маселелерди талкуулап отуруп алышты.

— Эл өкүлдөрү тээп жүргөн укмуштай жол тандабастар мамлекеттин эсебинен алынганбы?

— Жок, андай үлгүдөгү кызматтык унаалар жок. 2015-жылы Кытай белекке берген кадиллактар гана бар. Андай машина менен жүрбөйм, бирок, билишимче, алар абдан назик, ремонту да кымбат турат.

"Тойота Камри" бар, меники ошондой унаа. Мурда кандай пайдаланышканын билбейм, байкуш машина азыр аябай жаман абалда! Аларды 2007-жылы сатып алышыптыр, эмнегедир Дубайдан алдырышкан экен. Себебин ошондо тендерлерге катышкан Ташиев менен Келдибеков билет.

— Кайсы бир кезде депутаттарга мамлекет камсыздаган батирде жашапсыз. Алар кандай абалда?

Өнүгүү — Прогресс фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Акча керек. Тазабек Икрамов кантип депутат болуп калганын айтты
— Жогорку Кеңештин 30дан ашык батири бар. Басымдуу бөлүгү 2009-жылы курулган көп кабаттуу үйдө жайгашат. Анча жайлуу эмес. Бөлмөлөрү өтө кенен, 107 чарчы метр. Электр менен жылыгандыктан, кышында жарык өчүп калганда болуп көрбөгөндөй суук десеңиз. Анан да жылдын суук мезгилинде электр үчүн 12-15 миң сом эсеп келчү. Андан сырткары, күзөт жана башка майда-чүйдөлөр да бар. Депутаттык батирге төлөгөндөн көрө кадыресе батирди ижара алуу бир топ арзан түшөт.

— Депутаттар ремонттолгон батирлерди алышабы?

— Жок, өзүң ремонттоп алышың керек. Мурдагы кишинин кандай жашап кеткенине жараша. Бирок ал жакта улам бир нерсе бузула берет, жел уруп турат. Ачыгын айтсам, үй өтө сапатсыз курулган. Кудайга шүгүр, мен ал жакта жашабайм.

— Укканыма караганда, ал жакта депутаттардын бири да жашабайт, алар жакындарына батирге берип коюшат экен…

— Мурда ошентишчү, 2015-жылы депутаттык оокаттардын, кереги жок нерселердин баарын сатуу боюнча популисттик толкун башталган. Ошондон кийин көпчүлүк парламентарийлер турак жайдан баш тартып, ал квартиралар алигүнчө ээн турат.

Ошентсе да айрымдарына киришкен, болгондо да "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаттары жашайт. Баса, дал ошолор убагында баарын депутаттык батирлерден баш тартууга үндөгөн.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевДастан Бекешев: Менин иш бөлмөмдүн терезеси парламенттик унаа токтотуучу жай тарапка карайт. 120 миң доллар турган жол тандабастарга толгон, ошондон улам элге депутаттар чириген бай деп көрүнөр. Бирок иш жүзүндө андай эмес, депутаттардын 30 чактысы кадыресе турмуш кечирет.
Депутаттык мандат 1 млн. долларга чейин чыгат. Дастан Бекешев агынан жарылганда - Sputnik Кыргызстан
Дастан Бекешев: Менин иш бөлмөмдүн терезеси парламенттик унаа токтотуучу жай тарапка карайт. 120 миң доллар турган жол тандабастарга толгон, ошондон улам элге депутаттар чириген бай деп көрүнөр. Бирок иш жүзүндө андай эмес, депутаттардын 30 чактысы кадыресе турмуш кечирет.

— Бирок экинчи жагынан калк да эл өкүлдөрүн тегиз бай, алдында жакшы унаасы, колунда алтын сааты менен элестетет. Андай кишиге мамлекеттин эсебинен айлык, батирдин зарылдыгы барбы?

— Менин иш бөлмөмдүн терезеси парламенттик унаа токтотуучу жай тарапка карайт. 120 миң доллар турган жол тандабастарга толгон, ошондон улам элге депутаттар чириген бай деп көрүнөр. Бирок иш жүзүндө андай эмес, депутаттардын 30 чактысы кадыресе турмуш кечирет.

Маселен, Жогорку Кеңеште иштеген 9 жылда мен байып кеткеним жок. Бекешев өзүнө бир нерсени уурдап алды деп эч ким айта албайт! Ал эми ушундай эле 9 жылда көп кесиптештер байлыгын он эселентип алышты.

— Депутаттык кызматта кантип акча табууга болот?

— Мисал келтирейин. Кумарканаларга тыюу салуу боюнча окуя эсиңиздедир. Башта аны тыюу салуу учүн ойлоп табышкан эмес деген кептер жүрөт. "Биз бул мыйзам долбоорун алып чыгабыз же силер бизге белгилүү бир өлчөмдө акча төлөйсүңөр" деген соодалашмай экен. Муну мен алар акча талап кылган тараптардан уккам, бирок, албетте, далилдеш өтө кыйын.

— 2015-жылы өтпөй калган эки мыйзам долбоору болгон, жеке өзүм ошондо парламенттин дарегине ачуу сөздөрдү айткам. Биринчиден, 2017-жылы депутаттар Кызыл китепке кирген жаныбарларга аңчылык кылууга каршы добуш беришкенин түшүнбөйм. Ак илбирс деп сыймыктанып, анан кайра аны тамак үчүн аткандарын эки жүздүүлүк катары кабыл алам. Экинчиден, сапатсыз бензинди өндүрүүгө тыюу салууну жылдыра туруу боюнча депутаттардын чечими кыжырымды кайнаткан. Имиштерге караганда, парламентте бирөөнүн мунай бизнеси бар, ошонун айынан баарыбыз уу менен дем алып жатабыз!

Спорт залындагы ЖК депутаты Исхак Пирматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТОП-14. Төрага, муфтий, депутаттар эмне менен машыгат? Залдагы тер төккөн сүрөттөр
— Ооба, адамдар өз кызыкчылыктарын коргоого аракет кылышат, коргоп да жатышат. Чындап эле сапатсыз бензин маселеси көтөрүлгөндө Жогорку Кеңеште эч дымы чыкпаган депутаттар жандана калышкан. Болгондо да алар аткаминерлерге чыгууга жол издешкен. Албетте, алардын байланышы жетиштүү! Миллиондогон доллары бар кишинин эртели-кеч кереги тиерин баары жакшы билет.

Ал эми аңчылыкка тыюу салуу боюнча да бардык кызыкдар адамдар жакшы эле чуркашкан. Биздин өлкөдө чоң акча дайым коомдук пикирди жеңип кетет.

— Бир нече эле депутаттын мунай бизнеси бар, ал эми экологиялык күйүүчү майга каршы 59 киши добуш берген. Ушул кантип болсун?

— Биздин парламент — миллионерлердин клубу. Кандай болсо да бири-бирибиз менен сүйлөшөрүбүздү, чай ичишерибизди жакшы түшүнүүгө тийишпиз. Эгер бизнесиң болсо, андан бетер чырмалган түйүнүң көп болот, бири күйүүчү май сатса, башкасы аны ташып келет. Эмнеге мындай добуш беришкенин билбейм. Балким, алардын да өз жүйөсү бардыр.

— Жогорку Кеңеште баары бири-бири менен тууган болуп кеткендир эбак...

— Ооба, баары бири-биринин тойлоруна барат, балдарын, жээндерин үйлөнтөт. Парламентте чырмалышкан туугандык байланыш арбын. Бирок саясат баары бир ыплас нерсе, чындап кир дүйнө.

Эгер жогорку жактан бирөөгө каршы сүйлөгүлө деп өтүнсө, анда адамдар дароо тобу менен асылып жатып калышат. Кээде аша чаап да кетишет, тек гана өзүн жакшы көрсөтүш керек. Кечээ эле эл өкүлү кайсы бир кишинин үйүнөн чай ичкен болсо, бүгүн жогорку трибунадан анын абийирин төгүп: "Мен анын колунан чай ичкем да, көрсө, ал жеткен жүзүкара тура!" – деши мүмкүн.

© Sputnik / Дильноза АлымоваДастан Бекешев: Парламентке тигил же бул маселени жеңил өздөштүрүп кете алчу менеджерлер келүүгө тийиш. Эмнегедир биздин айрым депутаттар: "Мен бизнести көтөрүп койдум да, демек, баарын билем!" – деп ойлошот. Кептин баары бизнестин сат-сатып ал деген эле тар тармак болгонунда да.
Депутаттык мандат 1 млн. долларга чейин чыгат. Дастан Бекешев агынан жарылганда - Sputnik Кыргызстан
Дастан Бекешев: Парламентке тигил же бул маселени жеңил өздөштүрүп кете алчу менеджерлер келүүгө тийиш. Эмнегедир биздин айрым депутаттар: "Мен бизнести көтөрүп койдум да, демек, баарын билем!" – деп ойлошот. Кептин баары бизнестин сат-сатып ал деген эле тар тармак болгонунда да.

— Миллионерлердин клубунда өзүңүздү кандай сезесиз?

— Мындай учурлар болот. Мисалы, кимдир бирөө: "Келгиле, Жаңы жылга карата Швейцарияда эс алып келебиз!" – деп сунуштап калат. 5-6 депутат макулдашат, ал эми сен акчаңдын жоктугунан улам ал жакка бара албайсың.

— Алар акчасы менен атайын мактанабы?

— Жок, адатта байлыгын жашырышат, бирок баары бир сүйлөшүп жатканда чыгып кетет. Анан да өлкөбүз чакан, баары бири-бирин тааныйт.

— Эмнеге баары ушундай? Кыргызстанда мугалим, врач, профессорлор бар го, ал эми аларды бизнесмендер башкарат?

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу - Sputnik Кыргызстан
Журналистика, саясий амбиция, депутаттар жөнүндө. Ибраим Нуракун уулу менен маек
— Мугалим, профессор менен врачтардын баары түз жүрөрүн кайдан билесиз? "Жоон топтун бийлиги" китебин окуп, мындай бүтүмгө келгем: эгер бийликке эң эле таза кишилерди алып келсек да, чечим кабыл аларда алар баары бир абийирсиз кишилердей кадамга барышат.

Парламентке тигил же бул маселени жеңил өздөштүрүп кете алчу менеджерлер келүүгө тийиш. Эмнегедир биздин айрым депутаттар: "Мен бизнести көтөрүп койдум да, демек, баарын билем!" – деп ойлошот. Кептин баары бизнестин сат-сатып ал деген эле тар тармак болгонунда да.

— Кызык кырдаал тура, депутаттар парламентте кимдин кандай бизнеси бар экенин билет. Албетте, элге да маалым. Баары билет, ал эми Конституция боюнча эл өкүлү ишкерлик менен алектене албайт.

— Юридикалык жактан баары жубайына катталган. Болбосо, биздин өлкө өтө чакан, баары бири-бирин тааныйт.

— ЖКнын тегерегинде көп ызы-чуулар болот. Мисалы, депутат бир нерсени ойлонбой туруп балп эттирет же жаман бир жорукка барат. Дароо коомчулук түп көтөрүлө оозго алгыс сөздөр менен тилдеп жатып калат. Айтсаңыз, мунун таасири тиеби же биз куру эле кыйкырып кала беребизби?

— Коомдук пикир абдан маанилүү роль ойнойт. Андай кырдаалга кабылган депутаттар санаага батат, айрым учурда ден соолугу да начарлайт. Маалыматтын атайын бурмаланышы болсо кеп бөлөк. Маселен, 2016-жылы менде ошондой жагдай болгон. Керең жана азиздер коомунун мүлкүн тартып алгысы бар деп болбогон кепти жазып чыгышкан.

Алардын менчигин эселенткенибизден кийин ушундай болуп жатпайбы! Аябай катуу тийген, ошондон улам азыркы күнгө чейин андай иштер менен дегеле алектенгим жок.

© Sputnik / Табылды КадырбековДастан Бекешев: Башкалар жакыр турмуш кечирип жатса, бай болуу аябай татаал экен. Аларды канчалаган киши жек көрүп турганын элестетип турам. Азыр мурдагы жогорку бийлик ээлеринин байлыгын тартып алышууда, баары сүйүнүп жатышат.
Депутаттык мандат 1 млн. долларга чейин чыгат. Дастан Бекешев агынан жарылганда - Sputnik Кыргызстан
Дастан Бекешев: Башкалар жакыр турмуш кечирип жатса, бай болуу аябай татаал экен. Аларды канчалаган киши жек көрүп турганын элестетип турам. Азыр мурдагы жогорку бийлик ээлеринин байлыгын тартып алышууда, баары сүйүнүп жатышат.

— Кайсы мыйзам долбоорун коом үчүн абдан пайдалуу деп ойлойсуз?

— Салык кодексине бир нече өзгөртүүлөрдү демилгелегем, үзүрүн көрүп жатабыз: 2013-жылы тамекиге акцизден биздин бюджетке 800 миллион түшсө, азыркы убакта 6 миллиарддын тегерегинде каражат түшөт. Менимче, бул жаман жыйынтык эмес.

Дагы бир мыйзам долбоорун алып чыгайын деп турам, бирок анын айланасында сөз арбып кетти. Ал жеңил баңгизаттарды белгилүү бир өлчөмдө колдонуу жана сактоону кылмыш чегинен чыгаруу туурасында. Көп кишилер муну акылсыз баңгилик долбоор деп ойлошот, бирок чындыгында бул абдан маанилүү.

Бир убакта милиционер болуп иштеген кишилерди билем. Алардын айтымында, органдын кызматкерлери үчүн бир-эки баланы кара куурай менен кармаш — өзүнчө эле чыныгы бизнес.

Туура түшүнүңүздөр, бул жаман оокаттан татууга эч кимди чакырбайм, өзүм баңгизатка караманча каршымын. Бирок Кыргызстанда андан бир татып көргөндөр көп. Алардын баарын түрмөгө отургузуш керекпи эмне? Билишимче, укук коргоо органдары менен бул көйгөйдү 100-200 долларга чечип алууга болот. Милиция менен сотторго дагы бир акыр куруп берүүнүн зарылдыгы кандай?

— Шаар аралап жүргөнүңүздү, эл жаныңызга келип, кайрылгандарын көргөнүм бар. Көпчүлүктүн көңүл буруусуна кыжырыңыз келбейби?

— Жок, албетте! Карапайым болуу кажет. Балким, дал ушундан улам депутаттарга эл терс мамиледедир. 120 миң долларлык унаада отуруп алып, калктын көйгөйүн укканы кимге жаксын?

Бети-башы агала болгончо иштеди. Депутат Алимбековдун дарак актаган видеосу - Sputnik Кыргызстан
Бети-башы агала болгончо иштеди. Депутат Алимбековдун дарак актаган видеосу
Анан калса, бирөө кол салчудай айланасында жансакчылар менен жүрөт. Кимге керегиң бар сенин?! Ал депутатты эл ансыз деле тааныбайт, ал эми аркасында олбурлуу жигит жүрөт.

Башкалар жакыр турмуш кечирип жатса, бай болуу аябай татаал экен. Аларды канчалаган киши жек көрүп турганын элестетип турам. Азыр мурдагы жогорку бийлик ээлеринин байлыгын тартып алышууда, баары сүйүнүп жатышат.

— Райым Матраимовдун сүрөтү түшүрүлгөн футболкачан сүрөтүңүз да бир топ чуу жаратты. Эмне болду эле?

— Ширин Айтматова болуп активисттер менен биргеликте ойлоп чыгарганбыз. Экөөбүздүн акчага байланышпаган достугубуз бар. Жолугуп, футболканы көрсөттү, колдой турганымды айттым. Бул өлкөдө бетке айтуу кооптуу, ал эми мында жөн гана мыскыл сүрөт. Футболканы кийип чыктым, ошентип от алып кетти.

— Сөзүңүздөн тайганыңызды, жардамчыңыз сизди сатып койгонун, ал үчүн кызматкерди иштен айдаганыңызды бирөөдөн уккам.

— Ошондой кептер айтылган. Тамашалай социалдык медиада жардамчымды иштен кетиргенимди жазгам. Анан да мага кой алып келиптир, иштен айдабай турган болдум деп кошумчалагам. Муну кантип чын кабылдоого болсун?!

— Кийинки парламент кандай куралат деп боолголойсуз?

— Негизи көңүл чөгөрткөн нерселерди айткым келбейт, анткени дароо ишке болгон дитиңди жоготот. Алакан куушуруп отуруп каласың. Чындык — баарын кыжырданткан нерсе көрүнөт. Бирок ошентсе да... Жакшыраак парламент келет деп күтүүнүн кереги жок. Артык болбойт. Бул турган иш.

Жаңылыктар түрмөгү
0