11:29 23 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.7407
  • EUR77.2797
  • RUB1.1279
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
1217 0 0

Экс-депутатка мурда УКМК тарабынан эки кылмыш иши козголгон.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Экс-депутат Өмүрбек Бабанов "Кыргызстан коммерциялык банкы" ачык акционердик коомуна байланышкан иш боюнча суракка чакырылган. Бул туурасында ал Финполдон чыккандан кийин журналисттерге билдирди.

Саясатчы бүгүн, 19-августта, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына (Финпол) сурак бергени кирип кеткен.

Ал суралган иш боюнча ачыктабоого кол коюп чыккандыктан кенен маалымат бере алган жок.

Өмүрбек Бабанов "Кыргызстан коммерциялык банкына" ээлик кылат.

Эске салсак, ага УКМК тарабынан эки кылмыш иши козголгон. Биринчисинде, улут аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылса, экинчисинде, бийликти күч менен басып алмакчы болгон деп күнөөлөнгөн. 2017-жылы президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алган. Андан кийин өлкөдөн чыгып кетип, саясаттан биротоло кеткенин билдирген.

Бирок экс-депутат ушул жылдын апрель айында Бишкекке кайтып келүү ниетин билдирип, кайра кийин ал чечиминен баш тарткан. Арадан төрт ай өткөн соң, 9-августта Бишкекке келип, тарапташтары менен жолугушкан.

Ал эми УКМК болсо Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскерткен болчу.

Тема боюнча

Бабанов тосуп алган элге эмне деди? Жолугушуунун сүрөттөрү
Өмүрбек Бабанов Финполдо сурак берип жатат
Белгилер:
Банк, саясатчы, финансы полициясы, сурак, УКМК

ЭҢ МААНИЛҮҮ