Судебное заседание по мере пресечения в отношении Алмазбека Атамбаева в ГКНБ - Sputnik Кыргызстан

Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралууда. Учурда эмне болуп жатат?

Жазылуу
Мурунку президент 26-августка чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Бүгүн, 16-августта, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралат.

Буга чейин бул процесс Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунда каралары айтылып, бирок ал болбой калган.

Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Ага жалпысынан 14 айып тагылууда.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
12:40 16.08.2019

Тексттик трансляция аяктады

12:34 16.08.2019

Адвокат Сергей Слесарев Алмазбек Атамбаевге кийимдери салынган баштыкты берүү үчүн имаратка кирип кетти. Раиса Атамбаевдин айтымында, баштыкта анын кийим-кечектери бар экенин айтты.

12:31 16.08.2019

Раиса Атамбаева Алмазбек Атамбаевге кийимдерин алып келгенин, аны берүүгө мүмкүн экенин билүү үчүн адвокат Сергей Слесаревге кайрылды. Учурда жактоочу аны такташ үчүн УКМКнын имаратына кирип кетти.

12:15 16.08.2019

Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев: Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын убактылуу тергөө абагында калтырылганын айтты.

Ал ошондой эле сот ачык болушу керектигине карабай мыйзамды бузуу менен жабык эшик артында каралганын белгиледи.

11:34 16.08.2019
11:27 16.08.2019

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева учурда бийлик тарабынан алардын үй-бүлөсүнө, туугандарына, жек-жаатына массалык түрдө куугунтук болуп жатканын журналисттерге билдирди.

Ал ошондой эле улуу баласы Сейитбек катуу сабалганын, аны буту сынганына карабай күн сайын УКМКга суракка чакырып жатканын айтты.

Андан сырткары кудасынын үйүн да күч органдары барып тинтип, чакчалекейин чыгарып кеткенин кошумчалады.

Атамбаева "Ала-Арча" резиденциядагы үйүнө мөөр басылып, эч кимди киргизбей жатканын белгилеп, бир да буюмунун ала албай жатканына токтолду.

Жакын арада Кой-Таштагы үйүнө да мөөр басылышы ыктымалдыгын айтты.

Раиса Атамбаева алардын Кой-Таштагы үйүнөн башка кыймылсыз мүлкү жок экенин кошумчалап, баласы Кадырдын батирин быйыл жазында сатышканын белгиледи.

10:58 16.08.2019

Алмазбек Атамбаевдин баласы Сейит Атамбаев бутуна жаракатты Кой-Ташта болгон окуя учурунда алганын билдирди. Учурда ал УКМКнын имаратынын алдында туугандары менен турат. Ал балдак таянып жүрөт.

10:34 16.08.2019

Коомдук тартипке бир нече милиция кызматкери көз салууда.

10:32 16.08.2019
Судебное заседание по мере пресечения в отношении Алмазбека Атамбаева в ГКНБ - Sputnik Кыргызстан
10:28 16.08.2019
10:26 16.08.2019

Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева УКМКнын имаратындагы көчмө жыйын башталганын айтты. Имаратка Атамбаевдин жактоочулары кирип кеткен. Бирок туугандары менен тарапташтары сотко киргизилген жок.

10:24 16.08.2019

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин имаратынын алдына Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары колуна ар кандай транспаранттарды көтөрүп алышкан. Алардын айрымдары "Сый урматка татыктуу инсан!" деген сөздөр жазылган.

10:20 16.08.2019

Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева мурдагы президенттин туугандарына, жакындарына тарапташтарына басым болуп жатканын журналисттерге билдирди. 

Ал ошондой эле, тарапташтары менен жакындарына коркутуу-үркүтүү болуп жатканын кошумчалады.

10:18 16.08.2019

Учурда Атамбаевдин адвокаттары УКМКнын имаратына кирип кетти. Бирок жубайы Раиса Атамбаева, уулу Кадыр жана башка туугандары кире албай турат.

10:16 16.08.2019

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева уулу Кадыр менен УКМКнын имаратынын алдына келди.

10:13 16.08.2019

Сергей Слесарев Атамбаевди бошотууну талап кылып жатканын айтты. Бирок буга ишенбей жатам деди. Ошондой эле ал Атамбаевге Замир Жоошев, Улан Индикеев адвокат болук жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0