19:34 19 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8488
  • EUR77.2458
  • RUB1.0877
 Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Россиянын элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды.

Абылгазиев Россия элчисин кабыл алды. Эмне тууралуу кеп болду?

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
117 0 0

Жолугушууда өкмөт башчы Россия президентинин мамлекеттик визитинин, ошондой эле сегизинчи аймактар аралык конференциянын алкагында 6 миллиард доллардан ашуун суммага - 53 документке кол коюлганын эске салды.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Россиянын элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда өкмөт башчы Россия президентинин мамлекеттик визитинин, ошондой эле сегизинчи аймактар аралык конференциянын алкагында 6 миллиард доллардан ашуун суммага - 53 документке кол коюлганын эске салды.

"Жакын арада Россия өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Чолпон-Ата шаарына келери күтүлүүдө. Кыргыз-Россия кызматташтыгынын динамикасы эң жогорку деңгээлде турат жана биз аны мындан ары карай өркүндөтүү үчүн бардыгын жасайбыз", — деди Абылгазиев.

Мындан тышкары, кыргыз тарап 2020-жылы Россияда "Кыргыз Республикасынын жылы" жана Кыргызстанда "Россия Федерациясынын жылы" деп жарыялоо жөнүндө мамлекет башчылардын макулдашууларынын алкагында уюштуруу комитети түзүлүп, иш-чаралардын деталдуу планы иштелип жатканын билдирди.

Ал эми элчи Кыргыз-Россия кызматташтыгынын динамикалуу өнүгүүсүн белгилеп, жетишилген макулдашууларды жана кол коюлган келишимдерди сапаттуу ишке ашырууну колдоого даярдыгын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык жана эки жактуу мамилелердин башка актуалдуу маселелери талкууланды.

Тема боюнча

Жээнбеков Өзбекстандын өкмөт башчысы Арипов менен жолукту
Белгилер:
Николай Удовиченко, элчи, Мухаммедкалый Абылгазиев, өкмөт, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ