08:15 14 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8106
  • EUR76.8580
  • RUB1.0870
Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов. Архив

ӨКМ башчысы кеңешчисинин кармалышы боюнча үн катты

© Фото / Пресс-служба ЖК / Ашыркул Оморов
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
356320

Айрым ЖМКлар министрдин кеңешчисин кармоо учурунда жанынан уран иштетүү боюнча тендерге байланышкан 146 миң доллар табылганын жазган.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов кеңешчисинин коррупцияга шектелип кармалышы боюнча комментарий берди.

Белгилей кетсек, министрдин кеңешчиси Нурбек Жолборсовду Аскер прокуратурасы ири суммадагы акчаны кымырып алды деген шек менен кармаган. Айрым ЖМКлар министрдин кеңешчисин кармоо учурунда жанынан уран иштетүү боюнча тендерге байланышкан 146 миң доллар табылганын жазган.

Ал эми Мирзахмедов 2017-жылдан бери ӨКМ тендер өткөрбай калганын айтат.

"Ал 1-июлдан тарта эмгек өргүүгө чыгып кеткен. Тендер боюнча кармалды деп жазышууда, бирок биз 2017-жылдан бери бул иш менен алектенбей калганбыз. Уран калдыктары боюнча тендерлерди РОСРАО ишканасы өткөрөт. Ал боюнча дейин десек, дал келбейт да. Быйыл такыр тендер өткөрүлгөн эмес. Азыр тергөөнүн купуялуулугун кармашат экен. Биз да изилдеп жатабыз. Азыр бир нерсе деп айтыш кыйын, себеби тергөөгө тоскоол кылып коёбузбу деп коркосуң", — деди Мирзахмедов.

Ошондой эле ал Жолборсовду былтыр өзүнө кеңешчи болууга чакырганын белгиледи. Ал коомчулук менен байланыш жана пиар жагында иш алып барчу.

"Нурбек Жолборсов мурда Жаштар министрлигинин Жалал-Абад шаарындагы бөлүмүндө, мэриянын жаштар комитетинде иштеген экен. Аны кызматка өзүм чакыргам. Медиа тармагында идеясы күчтүү бала болчу. Жакшы идеяларды айтып, ишке ашырып келген", — деп сыпаттады министр.

Нурболот Мирзахмедов өзгөчө кырдаалдар министри болуп өткөн жылдын 20-апрелинде дайындалган. Ага чейин Эсеп палатасынын аудитору болуп эмгектенген.

Тема боюнча

Өзгөчө кырдаалдар министринин кеңешчиси ири сумма акчаны кымырган деп кармалды
Белгилер:
коррупция, пара, ӨКМ, Нурболот Мирзахмедов

ЭҢ МААНИЛҮҮ