БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков журналисттер үчүн уюштурулган маалымат жыйынында "Күзүндө мөөнөтүнөн мурда шайлоо болушу мүмкүнбү?" деген суроого жооп берди.
Жумабеков акыркы алган маалыматы боюнча ага даярдык жок экенин билдирди.
"Күздө эч кандай мөөнөтүнөн мурда шайлоо болбойт. Мендеги маалымат боюнча андай даярдыктар жок", — деди төрага.
Белгилей кетсек, эл өкүлдөрү өткөн жумада каникулга чыккан. Кийинки сессия 1-сентябрда башталат.